Акыркы макалалар

Батыровдун университети кимге берилет?

Батыровдун университети  кимге берилет?

Жалал-Абад шаардык аксакалдар кеңеши жана шаардын ардактуу атуулдары өткөн ишенби күнү 100дөн ашуун ардагерлердин катышуусунда атайын жыйын өткөрүштү. Бул жыйында шаарга тиешелүү болгон бир топ көйгөйлүү маселелер каралды, анын ичинде негизги маселе болуп Жогорку Сот тарабынан кабыл алынган чечимге ылайык, 2010-жылда орун алган июнь коогалаңынын келип чыгуусуна тиешеси бар, сепаратисттик көз караштагы Кадыржан Батыровдун мүлктөрү мамлекеттештирилген эле. Ардагерлер, К.Батыровго тиешелүү көп мүлктөрдүн ичинен шаардын чок ортосунда жайгашкан Эл Достугу университетинин имаратын Жалал-Абад областтык биргелешкен ооруканага пайдаланууга берилүүсү керек деп белгилешти жана тиешелүү бийлик бутактарына «Кайрылуу» жолдошту.

Ал эми, бул имаратка башка да кардал тъшъъчъл=р болууда, алар Жалал-Абад областтык биргелешкен шаардык ооруканадан сырткары, олимпиадалык резервдер спорт комитети жана шаардык, областтык милиция тармактары болууда. Бул үч мекеме тең бүгүнкү күнү имарат көйгөйүнөн кыйналып келе жаткандыгы белгилүү, бирок, аталган имаратка булардын бири гана ээ боло ала турган болгондуктан, кимдин бактысына имарат берилет болду экен деп гана кътъп туруудан башка арга жок.

Эгерде, бул имаратты шаардык ооруканага же олимпиадалык резервдер комитетине берилсе, бир топ жылдан кийин болсо да Батыров же анын адамдары тарабынан кайрадан алуу аракеттери болушу мүмкүн дешет экен кээ бир шаар тургундары. Ал эми, укук коргоо органдары ала турган болсо, анда имараттын кийинкилиги ъчън да туура болмок дешет.. Анын үстүнө эгерде, бул иш боюнча жакында атайын Жалал-Абадга келчү өкмөттүк комиссия талаш маселени милициялардын пайдасына чечип бере турган болсо, анда бул кадам менен шаардагы дагы башка эки социалдык курч маселе кошо чечилгени турат экен. Анткени, шаардагы мурдагы №76 лицейдин имараты жана ШИИБ жайгашкан мурдагы бала бакчанын имараты бошоп, окуучулар мектептъъ, ал эми мектепке чейинки жаш курактагы =спъръмд=р бала бакчалуу болгону калыптыр.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...