Акыркы макалалар

Төрөга Ч.Турсунбеков: “Кумтөр боюнча өкмөткө келишимдин негизинде иштөөнү сунуштайм”

Төрөга Ч.Турсунбеков: “Кумтөр боюнча өкмөткө келишимдин негизинде иштөөнү сунуштайм”

Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жогорку Кеңештин төрөгасы Чыныбай Турсунбеков билдирди.

“Бүгүнкү күндө бул маселе боюнча менин маалыматым аз болгондуктан өзүмдүн пикиримди айтсам. Бүгүн кандайча соттошуп, эмнеге соттошуп, эмнеге аракет кылып жаткандыгын толук биле албайм. Утаарына толук ишенимим жок. Деги эле келишимди бузуп, келишимдин негизинде соттошуунун аркасында маселени чечүү жолдоруна ишене албайм жана аны көп колдобойм. Анткени, бул кандайдыр күчтөрдүн аракети утуш үчүн эмес, элдин камын көрүш үчүн эмес, акциялардын баасын түшүрүп, кайра сатыл алуу аракеттери болушу мүмкүн деген пикирге көбүрөөк көңүл бурууга чакырам. Элдин көңүлүн буруп, элдин камын көрүмүш болуп, бирок чындыгында элдин камы үчүн мындай аракеттер бир да жолу натыйжа берген эмес. Көбүнчө ошол акцияларды олку-солку кылып бааларын түшүрүп, бир күчтөн башка бир күч чыгарып алуу, ушундай манипулдоо жолдору байкалат”,- дейт Ч.Турсунбеков.

“Ошондой эле өкмөткө келишимдин негизинде иштөөнү сунуштайм. Эгерде эл үчүн иштей турган чечим болбосо, эмне кереги бар соттошуп. Ошондуктан мен акциялардын баасын түшүрүш үчүн аракеттер болушу мүмкүн деген пикирге көбүрөөк кошулам ”,- деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, Кумтөрдү иштеткен “Центерра Голд” компаниясы экологиялык доо боюнча Бишкектин райондор аралык сотунун чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна доо арыз жолдойт. Бул тууралуу маалымат компаниянын расмий сайтында жарыяланды. Анда компания Бишкектин райондор аралык сотунун чечими туура эместигин жана бардык экологиялык талаптарды сактоо менен иштеп жатканы айтылган. Буга байланыштуу райондор аралык соттун чечиминин үстүнөн шаардык сотко, керек болсо Жогорку сотко кайрылары айтылган.

Ошондой эле компания 2009-жылдагы инвестициялык келишим боюнча Гаагадагы третей сотунун туруктуу палатасына кайрылган.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...