Акыркы макалалар

Сариева: 95 мектепте гана психолог бар

Сариева: 95 мектепте гана психолог бар

Жогорку Кеңеш балдардын арасында өз жанын кыюу учурларынын көбөйүп кеткендигине байланыштуу өкмөттүк саат өткөрүүдө. Билим берүү министри Эльвира Сариева билдиргендей, өткөн жылы 96 мектеп окуучусу өз жанын кыйган. Бул сандар 2014-жылы 106 балага чейин жеткен.

Депутат Дастан Бекешев мектептерде милдеттүү түрдө психологдор үчүн жумуш орундары болушу керек деген демилгени көтөрдү. Эгерде психологдор окуучулар менен тыгыз иштесе, көптөгөн жан кыюулардан алдын алса болот, – дейт эл өкүлү.

Билим берүү министри Эльвира Сариева Кыргызстан боюнча болгону 95 мектепте гана психологдор бар экенин айтып, дээрлик бардыгы ата-энелердин көмөгү астында кошумча штат менен ачылганын билдирди.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...