Акыркы макалалар

Ошто мыйзамсыз ишкердик кылган кытай фирмасына тыюу салынды

ык аймактык башкармалыгынын аймагындагы Ноокат шоссесинин 6-километринде жайгашкан, “Хун-Да компани” ишканасы текшерилди. Натыйжада мыйзамсыз түрдө, экологиялык жана техникалык коопсуздук мыйзамдарынын талаптарын аткарбай, темирди кайра иштетүүчү цехин куруу иштерин жүргүзүп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу шаардык Мамэкотехинспекциясы билдирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук абалын текшерүү актысы түзүлүп, цехти куруу иштерин токтотууга жана мыйзамсыз түрдө ишмердүүлүгүн жүргүзбөө үчүн жазма буйрук берилди.

Ошондой эле, Курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө уруксатсыз булгоочу заттарды чыгаруу (агызуу), калдыктарды жайгаштыруу, жаратылыш чөйрөсүн бүлүндүрүү жана ага башка зыяндуу таасир берүүдөгү иши үчүн 5000 сом айып салынды.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...