Акыркы макалалар

Кытай Кыргызстандын иштен чыккан 40 ишканасын жандандырат

Кытай Кыргызстандын иштен чыккан 40 ишканасын жандандырат

22-майда Бишкекте Кытай менен Кыргызстандын тышкы иштер министрлери жолугушту. Бул жолугушууда эки өлкөнүн мамилеси жакшы экенин, кызматташууга тоскоолдуктар жоктугу, Кытай өлкөсү бардык тармактар менен иштешип, колдоого алаары айтылды. Ал арада Кытай Кыргызстанда 40 долбоорду ишке ашырууга кызыктар экенин билдирди. Бул мүмкүнчүлүктөрдү Кыргызстан кантип колдонот? Айтылган 40 долбоордун алкагында кандай иш-чаралар бар? Бул маселелердин алкагында Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаковду кепке тартып, маек курдук.

-Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстан менен кызматташууда эч кандай тоскоолдук жоктугун, бардык тармакты колдоого даярдыгын билдирди. Кыргызстан бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, алаканы кантип дагы күчөтсө болот?

-Кытай бул ири базар. Биз өзүбүздүн продукцияларды бул базарга чыгарганга чоң мүмкүнчүлүктү колдонуп калышыбыз керек. Бирок базар чоң болгону менен Кытай базарына кирүү абдан кыйын. Учурда биз бул өлкөгө металлом, терилерди гана сатабыз. Бул да сырьё катары барып, ал жактан иштелип чыгып, кайрадан бул жакка продукция катары келет.

-Серепчилердин баамында экономикасы күчтүү өлкөгө карата Кыргызстан өз мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланбай жатат. Буга эмне жолтоо болуп жатат?

-Буга бир канча себептер бар. Биринчиден, Кытай базарынын жабыктыгы, экинчиден стандарттар жагынан биз алардын талаптарына жооп бере албайбыз. Мындан улам да бул өлкөнүн базарына продукцияларыбызда алып кире албайбыз. Мындан сырткары 6 миллиондук өлкөнүн чыгарган продукциялары бул өлкө үчүн абдан аз болуп жатат. Биздин өндүрүштөр бул өлкөнүн кичине бир провинциясын гана камтый алат. Ошондуктан биз чоң деңгээлде сүйлөшүү жүргүзө албайбыз. Мындайча айтканда биздин даярдыгыбыз жок десек да болот. Азыркы тапта кичирээк регионалдык сүйлөшүүлөрдү башташыбыз керек. Ал эми жогорку тараптан колдоонун болуп жатканы абдан жакшы.

- Алар Кыргызтанга 40 долбоорду ишке ашырууга кызыктар болууда. Бул долбоордун ичинде кандай иштер камтылган?

- Иш-чаранын алкагында биз буларга долбоорлорду сунуштаганбыз. Булар абдан кызыктар болуп, келип жакындан таанышалы деп жатат. Бул 40 долбоордо 40 иштебей калган мекемелер камтылган. Союз учурунда кездеме, тери, кыш чыгарчу деп бардык иштебей турган завод, фабрикалар тууралуу маалыматтарды жөнөткөнбүз. Эми булар бул мекемелерди иликтеп, анализдеп анан, өз өлкөсүндөгү кайсы мекемени бул жакка алып келүү боюнча чечим кабыл алат.

-Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев соода тармагында Кытай Кыргызстандын башкы өнөктөштөрүнүн бири экенин айтты. Бирок 2015-жылы эки өлкө ортосундагы соода-сатык 10 пайызга кыскарган. Муну кантип жандантса болот?

-Бул көрсөткүч логика жагынан абдан туура келет. Анткени биз ЕАЭБне кирдик. Мурун Кыргызстан транзиттик өлкө болсо, бул уюмга кирүү менен товарларды ташуу басаңдады. Импорт 10 пайызга түштү. Бирок биздин импортту көбөйтөлү деген план жок. Биздин максат экспортту көбөйтүү же Кытайдан мекемелерди алып келип, бул жерден товарларды өндүрүп аны кайрадан Казакстан Орусияга чыгаруу.

- Кытайдан эле ала бербей, Кыргызстан аларга сата турган мүмкүнчүлүгүбүз барбы?

-Биз оор өнөр жайынын продукциясын киргизе албайбыз. Айыл чарба тармагында иштетилип чыккан, сүт, бал, эт, курут жана башка продукцияларды экспорттой алабыз.

-Өзүңүз жогоруда белгилеп өтпөдүңүзбү, Кытай базарына кирүүдө тоскоолдуктар бар деп. Азыр эт деп жатасыз, бирок этти алып кирүүгө келишимдер жок. Бул сыяктуу тоскоолдуктарды жоюуда кандай аракеттер жүрүүдө?

-Системалуу түрдө иш жүрбөй, экпортко чыга албай жатат. Ошондуктан эң алгач бул жерден өзүбүздүн даярдыгыбызды камдашыбыз керек. Лабораторияларды көбөйтүп, малдарды идентификациялоодон өткөрүп аларды вакцинациялаш керек. Биздин эттер таза деген кепилдикти бере алышыбыз кажет. Учурда мындай кепилдикти бере албай жатабыз. Кытайга эмес ЕАЭБге кирген өлкөлөргө продукцияларыбызды киргизе албай жатабыз.

- Кытай учурда Кыргызстанга каржылык жаткан жардам берип келет. Кыргызстандын да эң көп карызы так ушул өлкөгө. Муну менен саясий жактан кысым кыла турган учур келерин айткандар бар. Бул канчалык жүйөөлү?

-Мындай коркунуч коңшу өлкөлөрдө деле бар. Кытай деген чоң мамлекет, экономикасы да чоң. Ошондуктан эл арасында чочулагандар бар. Бирок Кытайдан акча алам деп жүргөндөр кезекте турат. Эң чоң карыз алгандардын сап башында Америка турат. Бүгүнкү күндө Кытай Кыргызстанга стратегиялык жактан жакшы өнөктөш болуп келе жатат.

-Рахмат. Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз.

Автор: Гүлназ Мамытова

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...