Акыркы макалалар

Кыргызстандын картошкасын Казакстанга киргизүү Арменияда талкууланды

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 20-майда, Армениянын Ереван шаарында Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков казак кесиптешин Бишкек шаарында 7-июнда өтүүчү КМШ Өкмөт башчылар жыйынынын алкагында Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө жана Кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин жыйынын өткөрүүгө чакырды.

Баарлашуу учурунда өкмөт башчылар эки тараптуу кызматташулар маселесин талкуулады, тактап айтканда, тараптар Кыргызстандан Казакстанга картошка киргизүүгө карата убактылуу тыюу салынышына тийиштүү маселени көтөрдү.

Премьер-министрлер эки өлкөнүн Айыл чарба министрлигине үстүбүздөгү жылдын 8-июнунда Бишкекте өтүүчү Кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин жыйына дейре Кыргызстандын картошкасын Казакстанга киргизүүгө болгон убактылуу тыюу салууну алып салуу тууралуу маселени иштеп чыгууну тапшыруу чечимин кабыл алды.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...