Акыркы макалалар

Базар-Коргон районунда борбордук базарда өрт чыгып кийим-кече сатылуучу контейнерлер күйдү

Базар-Коргон районунда борбордук базарда өрт чыгып кийим-кече сатылуучу контейнерлер күйдү . Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

"Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 2016-жылдын 22-майында саат 23-45 чамасында базар күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Болжол менен 2000 чарчы метр металл жабылган кийим-кече сатылуучу контейнерлер күйгөн", - деп айтылат маалыматта.

2016-жылдын 23-майда саат 02:42де курчоого алынып, саат 03:20да өрт толугу менен өчүрүлдү.

Базардагы сатучуулар товарын сактап калыш үчүн болжол менен 600-700гө жакын адамдар чыгышып, товарларын алып чыгышып, өрт өчүрүүчүлөр жардам беришти.

Өрт өчүрүүгө КР ӨКМнин Базар-Коргон районунан ӨКБ-78 2-бөлүм, КР ӨКМнин Ноокен районунан ӨКБ-55 1-бөлүм, КР ӨКМнин Сузак районунан ӨКБ- 65 1-бөлүм, КР ӨКМнин Жалал-Абад шаарынын АӨКБ-20 2-бөлүм, КР ӨКМнин Ноокен районунан ӨКБ-55 1-бөлүм тартылган.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...