Акыркы макалалар

Акча алмаштыруу жайларынын жоопкерчилиги күчөтүлөт

Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан каржы уюмдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында мыйзам долбоору иштелип чыкты. Ага ылайык, мыйзам бузган жеке жактарга 2 миӊ сомдон 100 миӊ сомго чейин, кызмат адамдарына 3 миӊ сомдон 150 миӊ сомго чейин, юридикалык жактарга 250 миӊ сомго чейин административдик айып салуу чаралары сунушталууда.

Талкуу жүрүшүндө Өкмөт бул мыйзам долбоорун колдой турганы белгилүү болду. Ал эми айрым депутаттардан мыйзам долбооруна карата каршы пикирлер келип түшкөн.

Эске салсак, Улуттук банктын берген маалыматы боюнча, ушу тапта 1 миӊден ашуун акча алмаштыруу жайы иштесе, үчтөн бири гана бюро лицензия алып мыйзамдуу иш алпарат. Юридикалык жактын бир алмашуу бюросун ачууда жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү 1 млн сомдон 500 миӊ сомго чейин төмөндөтүлгөн. Азыр мыйзам бузган акча алмаштыруу жайлары 2 миӊ сом айып төлөп кутулуп кетүүдө. Ошондон улам, алардын жоопкерчилигин жогорулатуу милдети турат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...