Акыркы макалалар

Кыргызстанда жаңы ойлоп табуулардын 1%ы гана товарга айланат

Кыргызстанда жаңы ойлоп табуулардын 1%ы гана товарга айланат

Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Кыргыз улуттук агрардык университетинин профессору, техника илимдеринин доктору Сман Осмонов билдирди.

“Дүйнө жүзү боюнча бир жылда 3 млнго жакын ойлоп табуу иштери болот. Ошонун ичинен 20 гана пайызы товарга айланат. Ал эми калган 80 пайызы ойлоп табуунун убакыт сааты келгенге чейин кагазда кала берет. Ал эми Кыргызстанда биз ойлоп табуу иштери боюнча кандай гана аракеттерди кылбайлы, ойлоп табылгандарды товарга айландыруу иши 1 пайызды гана түзүп жатат. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 2 миңдин айланасында жаңы ойлоп табуу иштери болгону менен алар товарга айландырылбай жатат. Ошондуктан КРнын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан өткөрүлүп жаткан “Интеллектуалдык жана инновациялык ресурстар - 2016” республикалык көргөзмөнүн мааниси өтө чоң. Анткени, бул көргөзмөгө товарга айланган гана жаңы табуулар коюлат”,-дейт С.Осмонов.

“Ошондой эле, бул көргөзмөгө коюлган товарларды ишкерлер көрүп, аны жактырышса, анда жаңы табылгаларды өнүктүрүп кетүү үчүн жакшы шарт түзүлөт”,- деп кошумчалады ал.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...