Акыркы макалалар

NASA: 2016-жылдын жайы былтыркыдан да ысык болот

NASA: 2016-жылдын жайы былтыркыдан да ысык болот

2016-жыл былтыркыга салыштырмалуу да аномалдуу даражада ысык болоору дүйнөлүк метеорологдорду кабатыр кылууда. АКШнын NASA агенттигинин маалыматтарында, өткөн апрель айы да былтыркы апрель менен салыштырганда өтө ысык болду.

Агенттиктин айтымында 2016-жылдын бардык айлары мурдагыга караганда дагы да ысык болуп, бардык рекорддорду жаңылашы мүмкүн.

“Бул бизди аябай кабатырлантууда. Албетте биз бул жылы да ысык болушун күткөнбүз. Бирок мынчалык болот деп ойлогон эмеспиз. Алдыда дагы эмнелер болуп кетээрин билбейм”-деп The Independent басылмасына метеоролог Эрик Хольтхаус маек берген.

Окумуштуунун айтымында, 1880-жылдан бери ченелип келе жаткан жылуулук даражасы андан бери 25%га жогорулады. Мындай абал жай айларында дагы рекорддук температураларга жетүүгө өбөлгө түзөт,-деп кошумчалаган окумуштуу.

Эске салсак, өткөн 2015-жыл буга чейинки тарыхтагы эң ысык жыл болду деп маалымдалган эле. Өткөн жылы ысык абанын айынан Пакистан,

Индия тарапта миңдеген адамдар көз жумган. Мындай ысык аба Орто Азияга да таасир этип, Өзбекстанда да эки адам катуу ысыктан улам каза тапканы айтылган болчу.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...