Акыркы макалалар

Түркиянын Изник шаарын алууда курман болгон кыргыз жоокерлери эскерилди

Түркиянын Изник шаарын алууда курман болгон кыргыз жоокерлери эскерилди

2 миңинчи жылдыктын башында Изник шаарын алууда курман болгон кыргыз жоокерлеринин урматына арналып курулган бул шаардагы «Кыргызлар тюрбеси» мавзолейине кыргыздар келишип эскеришти.

Түркиядагы КРнын элчилигинин көмөгү менен уюштурулган иш-чарага Анкарада жана Стамбулда жашаган кыргыздар да келишти. Иш-чаранын жүрүшүндө Изник шаарын алууда курман болгон кыргыз жоокерлеринин урматына арналып куран окулду. Мындан тышкары, улуттук оюндар өткөрүлүп, улуттук тамак-аштар даярдалды. Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө Изник шаардык паркында жергиликтүү элдин кызыгуусун туудурган кыргыздын улуттук оюндарынан турган мелдештер өткөрүлдү.

Мындан 700 жыл мурда Изник шаарында Анадолу түрктөрү менен бирге душмандарга каршы салгылашкан кыргыз жоокерлеринин аңызы азыркыга чейин айтылып келет. Алар каармандык, баатырдык менен салгылашып, бекем курулган тосмолорду биринчи болуп жарып киришкен. Алардын эрдиги бааланып, султан Орхан Газинин учурунда бул жерге курман болгон кыргыз жоокерлеринин урматына арналып мавзолей курууга буйрук кылынган.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...