Акыркы макалалар

16-майда Казакстанга кайрадан картошка киргизүү аракети көрүлөт

16-майда Казакстанга кайрадан картошка киргизүү аракети көрүлөт

4-майдан бери Казакстан Кыргызстандын картошкасын илдети бар деген шылтоо менен өз аймагына киргизбей турат. Мындай чечим кабыл алынган соң кыргыз тарап сүйлөшүүгө барып, ушул айдын ортосунда казак чек арасын кайра ачууга аракет кылышат. Айыл чарба адистери Казакстандын бул кылганын өз базарын коргоодо деп баалашат. Себеби казак эли сапаттуу деп Кыргызстандан барган картошканы көп сатып алышат. Эгер чындыгында картошка зыяндуу болуп жатса бул маселени мамлекеттик деңгээлде чечүү керек болчу.

“Кабар даамында” программасында Казакстанга картошка киргизүү маселесинин чоо-жайын талкууладык. Студиябызда Фитосанитардык көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Таалай Айткулов жана айыл чарба илимдеринин доктору, академик Жамин Акималиев болушту.

Казакстан Кыргызстандын картошкасы үчүн чек арасын жапты

Таалай Асанкулов: Казакстанга жылына 2 миң тоннага чейин картошка сатылат. Быйылкы жылдын биринчи кварталында 20 миң тоннадай чыгарылды. Учурда Казакстан өз аймагына Кыргызстандын картошкасын киргизбөө чечимин кабыл алды. Себеби жыл башынан бери Кыргызстандан алтын түстүү нематода аттуу илдетке чалдыккан картошка келүүдө дешет. Бул тууралуу 4 жолу нотификация жиберишкен. Ошондон улам, Фитосанитардык көзөмөл башкармалыгы Айыл чарба жана мелиорация министрлигине кайрылып, Таласта лаборатория коюп берүүсүн өтүнүшкөн. Бирок бул иш аягына чыккан эмес. Таластан өтүп жаткан картошка Бишкектеги өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияга жиберилет. Ушундай эле лаборатория Ошто да бар. Ар бир партия экспертизадан өткөрүлүп, сертификаттын негизинде Казакстанга жиберилип жаткан, февраль айынан тарта бир да жолу нотификация болгон эмес. Азыр Казакстан тарап миң тоннадай илдети бар картошка артка кайтарылган деп жатышат, бирок биз эсептеп көрсөк жалпысынан 385 тонна кайтарылган, анын ичинде жашылча жемиштер да бар.

Казакстан чек арасын жабуу чечимин кабыл алган соң Башкы мамлекеттик фитосанитардык инспектору Бейшенкулов Руслан, өкмөткө кирип, Астанадагы өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лаборатория жетекчилиги менен сүйлөшүлдү. 16-17-18-май күндөрү Кордайда казак тарап менен жолугуп, андан соң эксперттердин катышуусунда чек араны ачууга аракет кылабыз.

Казакстан ЕАЭБдин жобосун одоно бузууда

Жамин Акималиев: Казакстан өз аймагына кыргыз картошкасын киргизүүгө чектөө койгону Кыргызстандын айыл чарбасы, дыйканчылыгы үчүн чоң сокку болду. Бул маселенин эки тарабы бар. Биринчи тарабы, Казакстан биз менен эсептешип жатат. Евразиялык экономикалык биримдикте бардык өлкөнүн укуктары бирдей болгондуктан кеңешип чечүү керек болчу. Бул ЕАЭБдин жобосун одоно түрдө бузгандык болуп эсептелет. Анын үстүнө, картошка биздин экинчи наныбыз болуп эсептелет. Жыл сайын өндүрүлгөн 1 миллион 200 миң тонна картошканын 40 пайызы Казакстанга сатылат. Муну чектеп салуу өз алдынча чечилбей, ЕАЭБдин комиссиясына коюлуш керек эле. Мамлекеттик деңгээлде чечиле турган маселени айыл чарба министрлиги эле чечип коюптур.

Буга чейин этти, сүттү өткөрбөй койгон. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча былтыркы жылдын ЕАЭБге кире электеги биринчи кварталын, быйылкы жылдын биринчи кварталына салыштырсак, жашылча, жер-жемиштердин экспорттолушу 1,5 эсеге, сүт азыктарынын сыртка сатылышы 1,8 эсеге жана пахтанын экспорттолушу эки эсеге азайган. Азыр эми картошканы сатууга бут тосуу болуп жатат. Коңшу өлкөлөр туура эмес кылып жатышат.

Казакстандан келген азык-түлүккө да көзөмөлдү күчөтүп, мамлекеттик деңгээлде жооп бериш керек

Ошол эле учурда, өзүбүздө да кемчилик бар. Казакстан нематода илдети тууралуу 79 жолу эскерттик деп жатышат, Кыргызстан тарап болгону 7 жолу нота келгенин айтышууда. Кандай болгон учурда да эскертүү келгенде дароо көзөмөлгө алуу керек болчу. Соодада достук болбойт. Алар үстөмдүк кылып жатышса биз эмне үчүн алардан да келип жаткан азык-түлүккө көзөмөл салбайбыз? Этибиз, сүтүбүз өтпөсө, эми картошка да өтпөй калды. Биз дагы көзөмөлдү күчөтүп азык-түлүгүн киргизбей койсок болот. Мисалы, Казакстандан эч кандай тоскоолдуксуз, буудай, ун, жумуртка, эт, кант жана ичкиликтер келет. Унда да илдет болот, буудайда кара көсөө деген зыянкеч бар, эмне үчүн алар көзөмөлдөнбөйт? Өзүбүз жумуртка, этибизди сата албай жатканда ал жактан тоскоолдуксуз киргизебиз. Ушинте берсек Кыргызстандын айыл чарбасы талкаланат.

Былтыр ноябрь айынан тарта санитардык, фитосанитардык көзөмөлдү алып салганбыз, Казакстан алган эмес. Өчөшүү керек деп айтпайм, бирок сөзсүз жооп кылыш керек. Кыргызстан чакан болгону менен мамлекет экенин алар сезсин. 4-май күнү тыюу салышты, андан бери өкмөт реакция кылган жок, шашылыш түрдө жыйналыш өткөрүү керек болчу.

Кыргызстандын сапаттуу картошкасынан Казакстан өз базарын коргоодо

Казакстанда акыркы мезгилде картошканын айдоо аянтын көбөйтүп жиберишти. Өздөрүнүн чоң базарына Кыргызстандын картошкасын атаандаш көрүүдө. Булардын коркуп жатканы Кыргызстандын картошкасындай сапаттуу картошка дүйнөдө жок. Негизи картошканын мекени Американын түштүгүндөгү Перу республикасы экен. Мен ал жакка барганда Ысык-Көлдүн картошкасын ала барып текшертип көрдүм. Биздин картошканын сапаты жогору чыкты. Казактстанда да калктын көбү биздин картошканы сатып алышат. Себеби алардыкы талаада өсөт, сапаты начар. Ошол себептен алар өз базарын коргоп, жаңы коммунизм кургусу келип жатат.

Бир четинен Кыргызстандын Орусия менен жалпы чек арабыз жок. Бардык азык-түлүк Казакстан аркылуу башка өлкөлөргө чыгарылат. Ушундан да пайдаланып жатышат.

Акча бар, пайдаланууга жөндөм жок...

Жер-жемиштер, өсүмдүктөрдүн илдетин аныктаган лаборатория керек. Эл аралык стандартка ылайыктуу лаборатория жоктугунан эт-сүт өтпөй жатат. Ушундай даярдыктар үчүн 500 миллион доллар берилген. Ошону эки жылдан бери пайдалана албай жатабыз. Лаборатория курууга, логистикалык борбор салууга акча бөлүнгөн, бирок салынбай келет.

Кыргыз картошкасын Өзбекстанга сатса болот

Кыргызстандын картошкасын коңшу Өзбекстанга сатса болот. Ал өлкөнүн калкы учурда 30 миллионду түзөт, картошкага талап көп. Бирок эки өлкөнүн мамилеси жакшы эмес болгондуктан Өзбекстан чек арасын жаап койду. Алар картошканы Кыргызстан жакын турса да Орусиядан, Голландиядан, Польшадан алып келишет. Бул жерде саясий маселе бар. Өзбекстан ЕАЭБге кирбесе да жакшы мамиле түзүү керек болчу. Муну Кыргызстандын Тышкы иштер министри ишке ашыра албай жатат. Ошондуктан мамлекеттик келишим менен дарбазаны ачып, мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу зарыл.

Автор: Бахар Хакимова

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...