Акыркы макалалар

Улуттук валютанын киргизилгенине 23 жыл толду

Улуттук валютанын киргизилгенине 23 жыл толду

Бүгүн кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргенине 23 жыл толду. Советтер Cоюзу тарагандан кийин коңшу мамлекеттерден Кыргызстан биринчи болуп, 1993-жылы 10-майда өзүнүн улуттук валютасы - сомду жүгүртүүгө киргизген.

Андан бери 22 жыл аралыгында сомдун коргонуу белгилери бир нече жолу күчөтүлгөн. Алгач эң кымбат банкнот 100 сом болсо, 2000-жылы 200, 500, 1000 сомдук, 2010-жылдан тарта 5000 сомдук банкнот жүгүртүүгө киргизилди.

1993-жылы 1 сомдун наркы 25 АКШ центине барабар болсо, ушул тапта 1 АКШ долларынын баасы 68 сомдун тегерегинде болууда.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...