Майлуу-Суу шаарында 18-май күнү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында облустук IV спартакиадасы болуп, ага жалпы облустун аймагынан жана Бишкек шаарынан 71 катышуучу катышты.
Бул тууралуу КРнын өкмөтүнүн Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Абдылда Камбаров билдирди. Анын берген маалыматына караганда, спартакиадага келген катышуучулар спорттун: шахмат, шашки, гир көтөрүү, кол күрөш жана коляскада жарышуу түрлөрү боюнча оюн өткөрүштү. Спартакиаданы өткөрүү үчүн өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү тарабынан 30 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал эми спартакиаданын жалпы сыйлык фонду 102 миң сомду түзгөн. «Майлуу-Суу шаарында аталган спартакиаданы өткөрүү максатында 7-майда марафон өткөрүлгөн. Иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ушундай иш-чараларды жыл сайын өткөрүп туруу жөнүндө буйрукка толуктоолор киргизилип, кол коюу алдында турат»,-дейт А.Камбаров.
АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД
24.05.2013, №20
Азырынча бир да пикир жок...