Акыркы макалалар

ИИМ: Ала-Букада асынып калган кыз бир күн мурун жакындарын кыдырып, белек тартуулаган

ИИМ: Ала-Букада асынып калган кыз бир күн мурун жакындарын кыдырып, белек тартуулаган

Каза болгон 15 жаштагы кыздын ата-энеси кылмыш ишин козгоого негиз жок болгондуктан милиция кызматкерлерине доосу жок экенин айтышкан.

Ала-Бука районунда асынып өлгөн 8-класстын окуучусу 15 жаштагы кыздын жүрүм-туруму акыркы кезде өзгөрүп кеткен. Бул тууралуу РИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 1-май күнү болгон. Өспүрүм үйдүн чатырында асынып калган абалында табылган. Окуяны териштирүүдө акыркы күндөрү кыз жакын адамдарына белек тартуулап, туугандарынын баарын кыдырып чыккан.

Ал эми кыз окуган Балтагулов атындагы мектептин мугалимдери өспүрүмдүн оор басырыктуу, шайыр экенин айтышкан.

"Бир күн мурун классташ кызына өзүнүн галстугун белекке бериптир. Ага көзү өтүп кеткен чоң энеси чакырып атат деп айтыптыр. Өз өмүрүнө кол салат деп эч кимдин оюна келбетип. Жакшы үй-бүлөнүн кызы эле", — дешти мугалимдер.

Каза болгон кыздын ата-энеси кылмыш ишин козгоого негиз жок болгондуктан милиция кызматкерлерине доосу жок экенин айтышкан.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...