Акыркы макалалар

"Ак Илбирс": Борбор Азиянын мыкты тасмасы үчүн үч фильм ат салышууда

"Ак Илбирс": Борбор Азиянын мыкты тасмасы үчүн үч фильм ат салышууда

Мыкты тасма номинациясында Тажикстандын, Өзбекстан, Эстония жана Россия менен биргелешкен, ошондой эле Казакстандын тасмалары ат салышууда.

"Борбордук Азиянын макты тасмасы" номинациясында күч сынаша турган фильмдердин тизмеси аныкталганын кинодолбоордун менеджери Чолпон Идрисова билдирди.

"Ак Илбирс" кинофестивалынын сыйлык тапшыруу аземи 13-май күнү "Манас" кинотеатрында өтөт.

Аталган номинацияда "Воздушный Сафар" (Тажикстан), "Дом для русалок", (Өзбекстан — Эстония — Россия) жана "Шалаш" (Өзбекстан) тасмалары ат салышат.

Эскерте кетсек, былтыр "Борбордук Азиянын мыкты тасмасы" номинациясын казакстандык режиссер Адилхан Ержановдун "Хозяева" аттуу тасмасы жеңип алган.

"Ак Илбирс" 2012-жылы негизделип, Кыргызстандын кинематография жаатында ийгиликке жетишкен тасмаларга ак илбирс түшүрүлгөн статуэтка ыйгарылат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган киносыйлыктын расмий өнөктөшү болуп саналат.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...