Акыркы макалалар

Индиянын улуу эпосу - “Махабхарата” кыргыз сахнасында коюлат

Индиянын улуу эпосу - “Махабхарата” кыргыз сахнасында коюлат

Жакында Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында биринчи жолу эл аралык долбоор боюнча спектакль коюлганы жатат. “Кабар” агенттигинин кабарчысы ушул зор иш-чаранын тегерегинде аталган театрдын адабий бөлүмүнүн башчысы Алтынай Темирова менен маектешкен.

- Жаңы коюла турган спектаклдын өзгөчөлүгү эмнеде?

- Бул сектаклдин өзгөчөлүгү - улуттук театрыбыздын тарыхында алгачкы эл аралык долбоор болгонунда. “Улуу Бхарата урпактары” спектакли байыркы Индостандын улуу эпосу “Махабхаратанын» өзөк окуясынын негизинде, кыргыз сахнасында алгач ирет коюлганы жатат.

- Спектакль кайсы күндөрү коюлат?

- "Улуу Бхарата урпактары" спектаклинин премьерасы 3-4-5-май күндөрү болот.

- Дүйнө жүзүнө белгилүү элдик эпосту сахнага алып чыгуу оңойго турбаса керек?

- Зор чыгармачылык эмгекти талап кылган, бир нече том жыйнактардан турган бул адамзаттын рух дөөлөтү, элдик эпос драматизмге жык толгон курч пьесага, андан спектаклге айланып, артисттердин чебер аткаруусунда элге тартууланганы турат. Театрдын артисттери, дегеле жалпы эмгек жамааты алдына койгон максатынын кандай ишке ашканын көрөрмандар айтышаар.

- Спектаклдеги окуяны кыскача баяндап берсеңиз?

- Окуя – падыша Курунун уулу Бхаратадан тараган Панда менен Дхритараштранын уулдары ортосунда кудайларга да жакпаган көралбастыктан, зулумдуктан, бийлик-байлык үчүн тирештен, акыйкаттык-чындык үчүн күрөштөн улам чыккан согушту баяндайт. Дүйнөдө тынчтык баарынан маанилүү экендигин баса белгилеп, жашоонун маңызын, адам өмүрүнүн баалуулугун даңазалайт. Эң башкысы – бийик поэтикалуу, жаңычыл креативдүү чечилиштерге бай, философиялуу притча, оригиналдуу көркөм жасалгаланышы менен да өтө таасирдүү.

- Окуянын каармандарын жана аларды аткарган артисттерди атай кетсеңиз?

- Бхишманы Эгемберди Бекболиев, Бхишманын жаш кезин Бактыяр Шаршенбаев, Ганганы Айсалкын Кыйыкбаева, Шантануну Азиз Мурадилаев, Сатьяватини Рыскүл Орозова, Дхритараштраны Тилек Жумагазиев, Видураны Жеңиш Кангелдиев, Дронаны Камчы Сарыбаев, Кунтини Шайыр Касмалиева, Юдхиштхираны Нурлан Салидинов, Бхиманы Аскар Качкынбаев, Аржунаны Азиз Мурадилаев, Накуланы Арген Карагулов, Сахадеваны Болорбек уулу Адыл, Драупадини Рыскүл Орозова, Дурьйодханны Данияр Жанжигитов, Карнаны Бактияр Шаршенбаев, Кришнаны Эржан Осмонов, Шакунини Аскат Сулайманов, Якшаны Аскат Сулайманов, Брахмандарды Эгемберди Бекболиев, Шикхандинди Айсалкын Кыйыкбаева, жарчы кызматчыны Израил уулу Өмүрбек ойношту.

- Койгон режиссерду, дегеле спектаклди сахнага алып чыккан чыгармачыл жааматтын да аттарын атасаңыз?

- Койгон режиссер – Шамил Дыйканбаев, балетмейстр – Талант Бекишов, сүрөтчү коюучу – Садыр Ниязакунов, костюм боюнча сүрөтчү – Мадина Тапаева, музыкалаштырган – Жайант Кхобрагаде, Шамил Дыйканбаев, режиссердун ассистенти – Болорбек уулу Адыл, режиссердун жардамчысы – Элмира Чокморова, грим – Гүлнара Суранчиева, жарык берүүчү – Фарида Суранова, үн оператору – Тилек Усупбеков болду.

- Бул улуу зор эпосту сахналаштырууда кимдер жардам берди?

- Спектаклди сахнага алып чыгууда Кыргызстандагы Индия өкүлчүлүгү, башкы элчи Жайант Кхобрагаде чоң көмөк көрсөттү. Чыгармачылыкты баалай билген бул адамга чоң ыраазычылык билдиребиз.

Дайырбек Мейманов “Кабар”

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...