Акыркы макалалар

Жол кырсыгынан мерт болгондор боюнча Кыргызстан 53 өлкөнүн ичинен 2-орунда

Жол кырсыгынан мерт болгондор боюнча Кыргызстан 53 өлкөнүн ичинен 2-орунда

Кыргызстан жол кырсыгынан мерт болгон жарандарынын саны боюнча эң жогорку көрсөткүчтөгү өлкөлөрдүн катарында. “Жарандык демилгелер” уюмунан кабарлашкандай, Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институт жакында жол коопсуздугу боюнча изилдөө жүргүздү.

Анын жыйынтыгында Кыргызстан Европа жана мурдагы советтик 53 мамлекеттин арасынан адам өмүрү кыйылган, ден соолугуна залака тийген жол кырсыктарынын саны боюнча экинчи орунда турары аныкталды.

Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматына караганда, 2004-2013-жылдары, тагыраак айтканда 10 жыл ичинде дээрлик 10 миң адам өмүрүнөн ажырап, 62 миңи жараат алган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...