Акыркы макалалар

Кыргызстандын интернат-үйлөрүндөгү 8 миң баланын 6%зы гана толук жетимдер

Райондук жана шаардык башкармалыктардын маалыматына ылайык, Кыргызстандын социалдык мекемелеринде 8 265 бала тарбияланып жатат. Бул тууралуу КР социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Алардын ичинен мамлекеттик интернат-үйлөрдө 6 734 бала, жеке менчик, диний жана муниципалдык мекемелерде – 1 531 бала бар.

Министрликтен тактагандай, интернатта күн кечирген балдардын жалпы санынан алганда 510 бала атасы да, апасы да жок жетимдер. Бул мамлекеттин багуусуна берилгендердин жалпы санынын 6%зын түзөт.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин башкармалыктарынын маалыматына ылайык, 1-апрелге карата интернаттарга ата-энесинин кароосуз калган 146 бала жөнүтүлгөн.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...