Акыркы макалалар

Китеп текчелер адабий китептер менен толукталууда


Китеп текчелер адабий китептер менен толукталууда

Китеп сүйүүчүлөр үчүн КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасына ылайык, “Азыркы адабият”, “Дүйнөлүк адабият” жана “Дүбүрт” серияларынын алкагында бир нече китептерди чыгарды.

“Азыркы адабият” сериясынын алкагында адабият айдыңында салмактуу ордулары бар акын-жазуучулардын китептери жарыкка чыкты. Алсак, Сагын Акматбекованын «Жандептер», Төлөгөн Мамеевдин “Жан дүйнө жаңырыгы”,Тойчубай Субанбековдун «Төө комдоттун уясында», Мелис Абакировдун “О, опаасыз, опаасыз дүйнө”, Мурза Гапаровдун “Тандалмалары” сыктуу баалуу китептер, ошондой эле Эгемберди Эрматовдун “Исфайрам аваздары” аттуу ыр жыйнагы уйгур тилинде, Ашым Жакыпбековдун «Лунная ведьма» («Айдагы жезкемпир») аттуу китеби орус тилинде жана ар муундун өкүлдөрүнөн турган 17 автордун аңгемелеринин топтому «Рассказы» деген аталышта жарык көрдү(котормочусу Таалайбек Осмонов).

Ал эми “Дүбүрт” сериясынын алкагында Иманбек Азизилла уулунун «Бүтпөгөн ырлар», Шайырбек Тагаевдин “Дүйнө сенин кучагыңдай кең эмес”, Умар Нусубалиевдин “Улуу тилегим”, Лира Камчыбекованын “Кыялымда кыйбасым” жыйнактары, Насыпбек Асанбаевдин “Дудук” аттуу чакан повести жана Кубанычбек Аркабаевдин «Суунун сурагы» аттуу китеби чыгарылды.

Ошондой эле, “Дүйнөлүк адабият” сериясынын алкагында Түрк элинин улуу акыны, дүйнө элине ысымы белгилүү болгон Назым Хикметтин “Мажүрүм тал” ырлар жыйнагы экинчи ирет, белгилүү француз жазуучусу Антуан де Сент-Экзюперинин Салижан Жигитовдун котормосундагы “Кичинекей Ханзада” повести,Дүйнөлүк адабиятта көрүнүктүү орду бар америкалык белгилүү жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Уильям Фолкнердин аңгемелер жыйнагы(котормочу Э.Отунчиев),Американын дүйнөгө белгилүү жазуучусу Эрнест Хемингуейдин аны дүйнөгө атагын чыгарган, Нобель сыйлыгын алууга өбөлгө болгон "Чал жана деңиз" повести (котормочу М.Токтомушев)жана америкалык белгилүү акын Уолт Уитмендин “Жалбырактар” аттуу ыр жыйнагы (котормочу С.Эралиев)жарыкка чыкты. Китептер 500 нускадан чыгарылды

Жогоруда аталган китептер менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын www.mamtil.kg сайтынан дагы таанышууга болот.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...