Акыркы макалалар

М.Миянов: "Ден-соолук дарыгерден эмес, адамдын өзүнөн"

М.Миянов: "Ден-соолук дарыгерден эмес, адамдын өзүнөн"

Биз канчалык саламаттык сактоо мекемелерин сындабайлы, анын толук кандуу иштеп жатышы - эң негизги жетишкендик. Бул тууралуу Облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Маматжан Миянов билдирди.

- Албетте, саламаттык сактоо тармагында кемчиликтер бар, бирок башка тармактарга караганда система сакталып калды, ошол чоң утуш. Элибиздеги эски психологияны өзгөртүп, өз ден-соолугу үчүн ар бир киши ар күнү аракет кылышы керектигин түшүндүрүүбүз керек. Ден-соолук медиктен эмес, адамдын өзүнөн. Ооруну ооруканага жатпай деле натыйжалуу дарылап алса болот. Саламаттык сактоо мекемелерин айыптаганды токтотуп, ар ким өзүнүн аракетин кылуусу керек, өзүнүн жашоосун жакшыртып, өмүрүн узартышы керек. Оорукана-бул өтө муктаж, тынбас күнү-түнү ак халатчандардын көзөмөлүнө муктаж болгондор гана жата турган жер. Экинчиден ооруканага жатыш – өтө чоң материалдык зыян, акча каражаты көп сарпталат, - дейт М.Миянов.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...