Акыркы макалалар

Бүгүн Укей Мураталиеванын сүрөт көргөзмөсү өтөт

Бүгүн Укей Мураталиеванын сүрөт көргөзмөсү өтөт

Бүгүн, 21-апрелде жаш дизайнер, майыптардын укугун коргоп келген активист Үкей Мураталиеванын сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу ал социалдык тармактардагы жеке баракчасынан билдирген.

"Акыркы кездерде сиздер байкаганыңыздардай эле мен социалдык тармактарда өзүм тарткан сүрөттөрдү бөлүшүп жаттым. Эми сиздер ал сүрөттөрдү виртуалдуу эмес, өз көзүңөр менен көрүп кетсеңиздер болот", - деп жазган Үкей.

Ошондой эле бүгүнкү иш-чаранын алкагында Үкөй Мураталиеванын "Жаз - Жай 2016" кийим коллекциясынын көргөзмөсү болот. Кечки саат 6да өтө турчу сүрөт көргөзмө Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы сейил багында (Дубовый парк) өтөт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...