Акыркы макалалар

Жалал-Абаддагы түрк лицейинде окуучулар ууланды

Жалал-Абаддагы түрк лицейинде окуучулар ууланды

Алар облустук жугуштуу оорулар ооруканасына алып келинген.

Жалал-Абаддагы түрк лицейинин сегиз окуучусу тамак-ашка ууланып, шаардык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Алдын ала маалыматка ылайык, 9-класстын окуучусу үйүнөн салат алып келген. Мугалимдерге айтпастан аны жатаканага алып барып, эртең мененки тамактан кийин достору менен жеген.

Түшкө жуук эки окуучу өзүн жаман сезе баштаган, саат 15.30дарда дагы алты окуучу ичи ооруганын айтып, окуу жайдын медициналык пунктуна кайрылган. Кийин алар облустук жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган. Ал жактан тийиштүү анализдер алынып, дарылоо иштери жүрүүдө.

Учурда окуучулардын абалы туруктуу. Окуя болгон жерде профилактикалык иштер жүрүүдө.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...