Акыркы макалалар

Модельер Вячеслав Зайцев Москвадагы "Кыргызстан" көргөзмө павильонуна барды

Модельер Вячеслав Зайцев Москвадагы "Кыргызстан" көргөзмө павильонуна барды

Белгилүү чебер көргөзмө павильонду кыдырып чыгып, кыргыз дизайнерлерине жогорку баасын берди.

Москвадагы кыргыз ЭКСПО павильонуна легендарлуу модельер Вячеслав Зайцев баргандыгы тууралуу соода борборунун директору Марсель Салахунов билдирди.

Анын айтымында, белгилүү чебер көргөзмө павильонду кыдырып чыгып, кыргыз дизайнерлерине жогорку баасын берген.

"Ал кийимдердин тигилиши мыкты экенин өзгөчө белгиледи", — деп билдирет Салахунов.

Эске салсак, 13-апрелде Москвада "Кыргызстан" соода-көргөзмө павильону ачылган. Ал Европадагы эң ири 90 гектар жерде жайгашкан "Фуд Сити" агрокласстеринин базасында ишке кирген.

Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен соода-көргөзмө борборун Москвада алгачкылардан болуп ачып жатат. Мындан ары кыргызстандык ишкерлер ортомчусуз продукцияларын жеткирип, товардын бааларын коюп, онлайн аркылуу бардык процессти көзөмөлгө ала алат.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...