Акыркы макалалар

ЖАШЫНГАН ЖЫЛДЫЗДАР ТАБЫЛДЫ

ЖАШЫНГАН  ЖЫЛДЫЗДАР ТАБЫЛДЫ

Энелер күнүнө карата «Бактынур» продюсердик борбору КРнын Жалал-

Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурган

«Жашынган жылдыз жарк этсе» аттуу фольклордук ырлардын кароо-сынагы областтык Барпы театрында болуп өттү. Кароо-сынакка 30 дан ашуун областтагы жашы 50 дөн жогорку ыр ышкыбоздору катышышты.

Баш байге Жалал-Абад Курортуна жолдомо болуп, ага Базар-Коргон районунун тургуну Акбер-

мет Токтогулова татыктуу болду.

1-орунга Сузак районунун Кашка-Терек айылынын тургуну Төрөгелди Мамбеткулов татык-

туу болуп, ага түстүү телевизор тапшырылды.

2-орун Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүндө түзүлгөн «Аялзат» тобуна ыйгарылып, аларга

муздаткыч тапшырылды.

3-орунга Кир жуугуч машина коюлуп, ал Жалал-Абад шаарынын тургуну Жалал-Абад биргелеш-

Кароо-сынактын демөөрчүсү жана уюштуруучусу, "Бактынур" продюсердик борборунун төрайы-

мы Нуркан Койчуманова болду. Анын айтуусунда мындай кароо-сынакты өткөрүүнүн максаты эл

арасындагы өнөр адамдарына көңүл бөлүү, алардын талантын баалоо менен бирге жумурай-журтка

эргүү тартуулоо. Алдыда дагы көптөгөн иш-чаралар бар экендигин кошумчалады.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...