Акыркы макалалар

Май айында эски китептер фестивалы өткөрүлөт


“Маданият жана Тарых” жылына карата 8-май күнү саат 14:00 Бишкек шаарындагы борбордук мечиттин аянтчасында эски китептердин фестивалы өткөрүлөт.

Ар бир жаран кылымдардан сакталып келе жаткан ислам динине байланышкан эски кол жазма китептерин, арабча, түркчө шариат маалыматтары камтылган китептерди жана башка ислам баалуулуктары болгон буюм-тайымдарын алып келип, көргөзмөгө катышса болот. Эски китептердин фестивалына дин аалымдары чакырылмакчы.

Фестивалдын алкагында;

1- Эң эски китеп.( Басып чыгарылган жылы анык далилдер менен болсо)

2- Көлөмү эң чоң китеп

3- Эң оор китеп

4- Эң калың китеп

5- Эң кооз жасалгаланып, таза сакталган китеп

6- Башкалардан өзгөчө китеп

7- Эски бирок, эң көп томдуу китептер боюнча аныкталган жеңүүчүлөргө ыраазычылык баракчалары тапшырылат.

Кошумча суроолор боюнча жарандар 0770 39-88-58 телефонуна чалып кайрылса болот.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...