Акыркы макалалар

Арабдар Кыргызстанда күн энергиясынан электр кубатын өндүрүүгө кызыгууда

Арабдар Кыргызстанда күн энергиясынан электр кубатын өндүрүүгө кызыгууда

Бириккен Араб Эмираттыгынан Кыргызстанга эки күндүк иш-сапары менен чоң делегация келди. Алар Кыргызстан менен негизги 7 тармак аркылуу кызматташууну көздөөдө. Ал эми кыргыз тарап, бир канча долбоорлорду сунуштап, Кырызстандык ишкерлер менен жолугушуу уюштурду. Бул форум кандай жемиштерди берет? Араб ишкерлерин Кыргызстан кайсы тармагы менен кызыктыра алат? Аларга Кыргызстан шарт түзүп бере алабы? Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков менен маек курдук.

-2014-жылы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Араб өлкөлөрүнө иш сапар менен барган болчу. Учурда мунун пайдасы болуп жатабы?

-Ийгиликтердин бири, ушул Араб өлкөсүнөн келген делегациянын иш сапары болуп жатат. Анткени булар мындай иш сапарларды алдын ала пландаштырат. Президенттин Араб өлкөлөрүнө болгон сапарынан кийин, буларда чоң кызыгуу пайда болду. Бүгүн 29 кишиден турган делегация келди. Анын 80 пайызы бизнес өкүлдөрү. Булардын баары чоң бизнес компаниялардын жетекчилери. Булар турист катары, Кыргызстанды көрүп кетели деген максатта келген жок. Кыргызстанда кандай мүмкүнчүлүктөр, бизнес долбоорлор бар? Кантип кирсек болот, кайсы эреже, мыйзамдар кандай деген мүдөө менен келип отурат. Эми биздин максат мунун баарын ишке ашыруу. Мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланып, натыйжа чыгаруу биздин колубузда.

-Арабтар Кыргызстандын кайсы тармагына инвестиция салууга кызыктар болуп жатат?

-Эки күндөн бери жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн негизинде айтсам, булар туризмге, энергетикага кызыгып жатат. Араб өлкөсүндө негизги энергетика тармагы абдан өнүккөн. Мындан сырткары, булар биздин айыл-чарба продукцияларыбызга абдан кызыктар болуп жатышат. Анткени экологиялык жактан таза продукцияларды көрүп, даамын татып көрүштү.

-Чакан ГЭСтерди курууга кызыгуулар болдубу?

-Энергетика тармагы дегенде, бир гана ГЭСтерге эмес, күндүн энергиясын колдонууга кызыгуулар болду.

-Кыргызстан мындай мүмкүнчүлүктү колдонуп, аларга шарт түзүп берүүгө даярбы?

-Азыркы таптагы мыйзамдарыбыздын бары либералдуу. Эки келишим бар. Биринчи келишим, бул бири-бирибиздин инвестициябызды коргоо. Экинчиси, салыктарды кыскартуу. Башкача айтканда, бул жактан салык төлөсө, өз өлкөсүндө салык төлөбөйт. Бизнес долбоорлордун тизмесин мыктылап даярдап, буларга бердик. Мындан сырткары, Кыргызстандагы ишкерлер, бизнесмендер менен жолуктуруп жатабыз. Бул аракеттер өз натыйжасын берип, бизнес долбоорлор чыгышы керек.

-Меморандум тууралуу айтып өтсөңүз, кандай келишимдерге кол коюлду?

-Эки өлкөнүн соода палаталарынын ортосунда атайын ишкер кеңеши түзүлсүн деген меморандумга кол коюлду. Бул кеңешме эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнашты тездетсин деген максатта түзүү болду.

-Рахмат. Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...