Акыркы макалалар

А. Жапаров: "Текебаевдин китеби "Убактылуу өкмөт өткөөл мезгилде өлкөнү сактап калдыбы" дегенге жооп берет"

А. Жапаров: "Текебаевдин китеби "Убактылуу өкмөт өткөөл мезгилде өлкөнү сактап калдыбы" дегенге жооп берет"

Эки автор, Өмүрбек Текебаев менен юрист Мурат Укушов колундагы материалдар менен өздөрүнүн акылынан жана аң-сезиминен өткөргөн окуяларды окурмандарга тартуу кылышты. Жалгыз эле Өмүрбек Текебаев менен Укушовдин айткандарынын баары туура дегенден алысмын. Ар бир автор өзүнүн китебин өз баласындай көрөт. Бул китеп убактылуу өкмөт "өткөөл, кыйын учурда өлкөнү сактап калдыбы" деген суроого жооп берет. Сөзсүз түрдө ал учурда кетирилген кемчиликтер болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен юрист Мурат Укушовдун “Кыргыз Республикасынын убактылуу өкмөтү” аталышындагы китебинин бет ачары болду. 2010-жылдын 7-апрелинен 31-декабрына чейинки окуялар камтылган китептин бет ачарына өлкөнүн ошол кездеги убактылуу өкмөтүнүн мүчөлөрү жана бир топ саясатчылар катышты. Китептин мазмуну менен таанышып чыккан ЖКтин депутаты Акылбек Жапаровду кепке тартып, убактылуу өкмөт учурундагы окуяларга, ошол кезде кабыл алынган чечимдерге сереп салып, маек курдук.

-Апрель элдик революциясынын 6 жылдыгына арнап чыгарган “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Мурат Укушовдун “Убактылуу өкмөт” аттуу китеби менен таанышып чыктыңызбы?

-Кечээ кечинде китепти алганга мүмкүнчүлүгүм болду. Карандаш менен окубасам да бир сыйра анализдеп, карап чыктым.

-Купулуңузга толгон эмнелер болду?

-Убактылуу өкмөттүн өзүнүн максатына кантип жеткени жана өзүнүн убактысы менен бийликти тапшырып кеткени болду. Эгерде булар бийликке келип алгандан кийин кайрадан бийликти бербейбиз деп туруп алганда анда Кыргызстан татаал жолго түшүп кетмек.

-Китепте камтылган окуялар канчалык туура жазылган же Өмүрбек Текебаевдин өзүнүн көз карашы менен чагылдырылганбы?

- Авторлордун көз карашы. Бул тарыхый изилдөө эмес. Эки автор, Өмүрбек Текебаев менен юрист Мурат Укушов колундагы материалдар менен өздөрүнүн акылынан жана аң-сезиминен өткөргөн окуяларды окурмандарга тартуу кылышты.

-Авторлордун оюуна канча пайыз кошуласыз?

-Бул ишке бел байлап, китепти жазганына ыраазымын. Эми бул китепти анализдеп окуп чыкканда сынчылары, оппоненттери да келип чыгат. Мунун негизинде чындыкка, тарыхка жакыныраак, кийинки өсүшкө жардам бере турган механимдер пайда болушу мүмкүн. Жалгыз эле Өмүрбек Текебаев менен Укушовдин айткандарынын баары туура дегенден алысмын. Ар бир автор өзүнүн китебин өзүнүн баласындай көрөт. Азыр булар жаңы китеп жазып, жаңы балалуу болгон ата-энелердей болуп турат. Гумилев айткан, “Тарых бүгүн жазылат" деп. "Аны ким жазат десе, ким калемди алып аны кагазга түшүрсө, ошол тарых" дейт. 6 жыл мурунку тарыхка Текебаев эмоциясы жок, өзүнүн көз карашын тартуулады.

-Роза Отунбаева баштаган убактылуу өкмөт элдин үмүтүн актай алдыбы?

-Убактылуу өкмөт өзүнүн астына койгон максатына жетти. Булар убактылуу деген сөздү бекем кармашты. 6 айдын ичинде бийликти парламентке өткөрүп беребиз деген сөзүнө турушту. Азыркы Украина, Ливияда болуп жаткан жат көрүнүштөр Кыргызстанда болуп кетиши мүмкүн эле. Мындай жагдайга убактылуу өкмөт жол берген жок. Саясий, финансылык стабилдүүлүк сакталды.

-Тунгуч президент Аскар Акаев, убактылуу өкмөт учурунда улуттар аралык кагылышуу болду деп айтканы бар. Буга Отунбаеванын жана убактылуу өкмөттүн күнөөсү барбы?

-Ошол учурдагы коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөр күч алып жаткан. Анын ичинде бизде жашап жаткан башка элдер менен алакалар жакшы болбой турган мезгил болчу. 90-жылдары чыр-чатак чыкканда андагы күнөөлүлөр табылган эмес. Ошол кезде эгерде бул чыр-чатактын чыгуусуна себепчи болгон күнөөлүүлөр, бийликтегилер жазаланбаса бул кийин кайра кайталанап деп айткам. Убактылуу өкмөттүн учурунда ар кандай сепаратисттер, Кыргыз мамлекетин жок кылууну каалаган тышкы күчтөр абдан күч алды. Бирок убактылуу өкмөт бул өрттү мындан ары күчөтүп жибербей, убагында басып, күнөөлүлөрдү таап, өлкөнү тынчтык жолуна салып кетти. Өмүрбек Текебаевдин китебинде мына ушул окуялар эч кандай эмоциясы жок, факты менен турат. Өткөөл убакта чечим кабыл алып жаткан кишилерге өтө оор болгон. Бул китеп убактылуу өкмөт "өткөөл кыйын учурда өлкөнү сактап калдыбы" деген суроого жооп берет. Сөзсүз түрдө ал учурда кетирилген кемчиликтер болгон.

-Кандай кемчиликтерге жол берилди?

-Бул боюнча китептин автору өзү да айтып өттү. 14 өкмөттүн мүчөсү, ар бири өзүм билем, менин деле тажрыйбам жетет, мен деле премьер, президент болом деп, башында бир топ кыйынчылыктар өткөнүн айтты. Анан баарыбыз башыбызды бириктирип, Роза Отунбаева президент болсун дегенден кийин, жумуштар оңолду деп билдирди.

-Ошол учурга барчу болсок, Орусиянын, Казакстандын, Беларусиянын президенттери Бакиевдин үй-бүлөсүн Кыргызстандан алып чыгып кетүү чечимин кабыл алышкан. Ал учурдагы убактылуу өкмөт, Отунбаева каршы болушкан эмес. Эмне үчүн мындай чечимге келишкен?

-Бул чечим китепте да жазылган. Чечимди жеке Роза Отунбаева алды деп турат. Президент болгондон соң кыргыз элинин келечегин, тагдырын ойлоп ошондой чечим кабыл алса керек. Тунгуч президент азыр Москвада, Бакиев Беларусияда жүрөт. Экөө тең союздук өлкө. Демек булардын саясаты бүгүнкү күн менен жок болуп кетпесин деп жатат. Булар Кыргызстандан алып кеткен акчаларын биздин өлкөгө салсын, граждандык согуш болуп кетпесин деп, атайын ушундай саясат жүргүзүп жаткандыр.

-Жеке өзүңүздүн пикириңизди сурсам, ошол кезде Бакиевдин качуусуна коридор түзүлбөсө түштүктө эл көтөрүлүп, жарандык согуш чыгат беле? Же аны кетирбей, жоопкерчиликке тартуу кажет болчубу?

-Украинада, Донескте эмне болуп жатканын көрүп жатабыз. Эки бир тууган элдин ортосунда кандай терс көрүнүштөр болуп жатат. Эгерде ошол учурда мындай чечим кабыл алынбаганда балким мындан да көп жоготууга учурайт элек. Балким жарандык согуш башталып же түндүк менен түштүккө бөлүнүп кетет беле. Азыр китептин ачылыштында Роза Отунбаева, Судан же Кореядай болуп экиге бөлүнүп кетүү коркунучун айтты.

-Рахмат. Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз.

Автор: Гүлназ Мамытова

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...