Акыркы макалалар

Токон Мамытов:“ Аскерлердин духун эске алса, анда кыргыз армиясы алдыңкы катарларда турмак”

Токон Мамытов:“ Аскерлердин духун эске алса, анда кыргыз армиясы алдыңкы катарларда турмак”

Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын Коргоо жана коопсуздук боюнча мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди

“Американын Global Firepower” аскердик-аналитикалык порталы бир мамлекетин армиясын сынаганда бир нече параметрдын негизинде ал өлкөнүн армиясына баа берет. Атап айтканда, алар аскерге кызмат өтөөгө жарактуу калктын, кургакта, абада жана деңизде аракеттене турган аскер техникаларынын санына, артилерияларга, зениттик-ракеталык комплекстерге жана аскер кызматынын айлыгынан баштаган, аскерлер күнүгө канча каллориге чейин тамак ичерине чейин карашат.

Албетте, бул параметрлар менен караганда биз башка мамилекеттерге салыштырмалуу аскердик техникалар жагынан артта турабыз. Эгерде аскерлерибиздин саны боюнча алсак эле анда биз Орто Азия боюнча биздин аскерлердин саны барынан аз. Өзбекстан менен Казакстанды айтпайын, Тажикстан менен Түркмөнстандын аскерлеринин санынан да биздики аз. Бул эми элдин санына жана бюджеттине жараша болот.

Бирок, Кыргызстандын армиясы дүйнөлүк рейтингде арткы орунга кирип калды деп терикпешибиз керек. Мисалы, талибан, аль каида же ошол эле игилдин согуштук аскерлерине аскердик техникалары көп болгон батыштын өнүккөн мамлекеттери уттуруп эле жатпайбы. Демек, бул жерде аскер техникалыранын саны менен алы болбойт. Бул жерде америкалык аскердик аналитикалык центр аскерлердин духун эске албай жатат. Башкача айтканда, аскердик техникаларынын саны көп болуп, бирок аскерлердин духу жана идеологиясы жок болсо, анда самолетту да учпай танкаң да жүрбөйт.

Ал эми кыргыз армиясын алсак, биздин аскерлердин духу бар. Мен ачык айтайын Орто-Азия, КМШ же Батыш мамлекеттерине салыштырмалуу биздин аскердик техникаларыбыз аз болушу мүмкүн. Бирок, кыргыз балдарынын духу күчтүү. Анткени, биздин Манас атабыз бар, ата-бабабыздан калган кыргыз жерин сакташ керек деген түшүнүк бар. Мына ошондуктан биздин духубуз жана идеологиябыз бар. Ошондуктан аталган центр аскерлердин духун эсептеген эмес. Эгерде дух боюнча эсептесе анда, кыргыз армиясы алдынкы катарларга турмак”,-дейт Т.Мамытов.

“Ошондой өткөн жылы дүйнө жүзүндөгү айрым мамлекеттер аскер техникаларын чыңдоо жагына көп көңүл бурушкан. Башкача айтканда, айрым өлкөлөр өзүлөрүнүн армиясын каржылоо жагын 40-100 пайызга чейин көбөйтүшкөн. А бизде ошол эле бойдон”,- деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, “Global Firepower” аскердик-аналитикалык порталы дүйнөнүн 126 мамлекетинин армиясы боюнча рейтинг жарыялады. Анда Кыргызстан 110-орунду ээлейт. Уюмдун эсеби боюнча кыргыз армиясында жалпысынан 150 танк, 438 бронетранспортер, 159 оор техникасы жана 21 аскерий учак бар. 2015-жылкы изилдөөдө Кыргызстан 78-тепкичте болчу.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...