Акыркы макалалар

"Ат-Башы жаңылыктары".Кооперативдерди түзүү – учурдун талабы

Эсил кайран союз тараганда Талгарбеков деген «реформатордун» идеясы менен 70-80 миң баш кою, миңдеген баш бодосу, ондогон айыл чарба техникалары бар колхоз, совхоздор бир заматта ойрон болуп, талоонго түштү. Техникалар, кашарлар тонолуп, болбогон тыйынга сатылды. Койлор акча катары жүгүртүлүп, чайга, аракка алмашылды. Башка жактан келген жетекчилер отор-отор ириктерди айдатып, туйтунушту. Деги койчу кашыктап чогулткан колхоз, совхоздордун байлыгы заматта чөмүчтөп таратылып, итке миндик да калдык. Айдоо аянттары киши башына бөлүштүрүлдү, саржандап. Жада калса клуб кетти, кирпичине чейин бөлүнүп. Эл арасында «дыйкан чарба», «фермердик чарба» деген терминдер пайда болду. Айтор, коллективдүү чарбалар бытыранды чарбаларга айланды да калды.

Андан бери жыйырма жылдын жүзү болду. Колдогу техникалар эскирди, жараксыз болуп калды. Жаңысын алууга чама-чарк жетпейт. Ак-Жар, Ак-Талаа айылдарында учурунда түшүнгөн жетекчилер техникаларын тараттырбай, сервис уюштуруп алышкан. Бүгүнкү күндө булардын техникаларды жаңыртып, сервистин ишин алга жылдырууга күчтөрү деле, каражаттары деле жетпей калды.

Азыркы мезгилде бытыранды чарбаларды бириктирип, талаачылык багытында айыл чарба кооперативдерин түзүү зарылчылыгы келип чыкты (латынча cooperatio - кызматташтык, эмгекти уюштуруунун формасы, бир нече кишинин эмгек процессинде бирге иштеши). Айыл чарба кооперативдерин түзүү боюнча райондо эбак эле «муз эрий» баштаган. Бүгүнкү күндө 97 кооператив катталган, анын сегизи техникалык сервис катары иш алып барууда. Иш алып барып жаткан субъектилер же тактап айтканда, техникалык жана ветеринардык сервистер салык органдарына жана социалдык фондго отчёт тапшырууда бир катар кыйынчылыктардын келип чыгып жаткандыгын кооператив жетекчилери кан какшап, «ыйлап» жүрүшөт. Анткени, салыктар өз убагында төлөнбөсө, социалдык фондго каражат өз убагында чегерилбесе, Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү» Кодексинин 346-беренесине ылайык 5000 сомго чейинки административдик айып пул салынат. Албетте, бутуна тура албай жаткан айыл чарба кооперативдери үчүн бул «жаза» өтө эле оор. Ошондуктан айыл чарба кооперативдерин түзүүдөн көпчүлүк адамдар баш тартып жатышат. Иштеп жаткандарынын да иши солгун. Жаңыдан бутуна туруп келе жаткан субъектилерди мындай «тоноо» албетте, иштин илгерилешине кедергисин тийгизбей койбойт.

Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү» Кодексине өзгөртүү киргизүү менен айыл чарба кооперативдерине жеңилдик карап берүү боюнча жогорку органдарга райондук мамлекеттик администрациясы кат жиберген. Жеңилдиктер каралып, Кодекске өзгөртүү киргизилип калса жакшы. Эгерде эч кандай жеңилдиктер болбосо, айыл чарба кооперативдери уюшулмак турсун, каттоодон өткөндөрү жоюлаарында шек жок. Ал эми бытыранды дыйкан чарбаларынын абалы кандай болот, ким билет. Биргелешип иш кылбаса жеке адамдардын иши эч убакта алга жылбайт. Ошентип, айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап-себүү иштери бара-бара жүргүзүлбөй калат. Буга быйылкы оруп-жыюу өнөктүгү мисал. Район боюнча болгону жыйырмага жетпеген комбайн иштеди. Келерки жылы мындан да азаят. Демек, дан эгиндери эгилбесе, анын баасы «асманды чапчыыры» бышык. Мал менен жанын баккан райондун калкында малдын ылаңдарынан башка, жем көйгөйү келип чыгат. Ал эми тоюттун баасы жылдан жылга өскөндүн үстүндө. Ошондуктан айыл чарба кооперативдерин түзүү-учур талабы.

М.Козубеков.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...