Акыркы макалалар

Республикада насвай тарткандардын саны өсүүдө

Республикада насвай тарткандардын саны өсүүдө

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова насвай даярдоого жана аны алып келип сатууга тыюу салуу демилгеси менен чыгууда. Бул тууралуу кеңири маалымат берип, демилгечи депутат бүгүн, 6-апрелде “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп, мыйзам долбоорунун маанисин түшүндүрдү.

“Түтүнү жок тамекинин бир түрү катары каралган насвай колдонуучулардын катары акыркы мезгилде билинбеген менен бир топ өсүп жаткандыгы коомдо коркунуч жаратууда. Айрыкча, жаш балдар менен кыз-келиндердин арасында да кеңири жайыла баштаганы өзгөчө тынчсыздандырат. Андыктан, ошол насвайдын курамы тууралуу так маалыматтар элге туура түшүндүрүлгөндө, ар кандай рак ооруларынын алдын алууга жетишилет”,- дейт депутат М.Мавлянова.

Ошондой эле, эл өкүлүнүн айтымында, насвайга тыюу салуу менен бирге Административдик кодекске сунушталып жаткан толуктоолор дагы бар. Эгер насвайды колдонууга тыюу салынгандан кийин мыйзамды бузуулар катталса жеке жарандар үчүн 10 миң сом, ал эми юридикалык жактар үчүн 50 миң сом айып салына тургандыгы сунушталууда.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...