Акыркы макалалар

Кыргызстандагы лабораторияларга өзгөчө басым жасалат

Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат агенттигинде өткөн жыйында КРнын саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.

“Бүгүнкү күндө лабораториялардын сапатын жакшыртуу зарыл. Лабороториялар бир стандартизацияга келиш керек. Биздин жарандар акча төлөп, ишеним артышат. Алар кандай гана лабороторияга кайрылышпасын сапаттуу жыйынтык алууга тийиш. Бул ар бир жарандын укугу. Анткени андан алынган анализдин жыйынтыгы адамдын мындан аркы жашоосуна түздөн-түз таасир этет.

Биздин башкы максат жеке менчик болобу же мамлекеттик лаборатория болобу сапатту иштеп, биздин оорулуулардын анализдеринин жыйынтыгын туура, так чыгарууга тийиш. Мындан ары өлкөбүздөгү лаборатория маселесине өзгөчө басым жасалат”,-деди Т.Батыралиев.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...