Акыркы макалалар

Отунбаева: өлкөнү өнүктүрүү жалгыз президенттин колунан келбейт

Отунбаева: өлкөнү өнүктүрүү жалгыз президенттин колунан келбейт

Өлкөнү өнүктүрүү үчүн жалгыз президенттин аракети жетишпейт. Ал үчүн өкмөт башчы баштаган министрлер, башкаруучу коалициянын депутаттары биригип жапа тырмак иштеши керек. Мындай оюн экс-президент Роза Отунбаева Өмүрбек Текебаев жазган китептин бет ачарында билдирди.

- Элге керектүү мыйзамдар жок. Неге жазбайсыңар? Бизде акчалуу саясатчылар парламентке келип баарын бузуп жатат, - деди Отунбаева.

"Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Апрель элдик революциясынын 6 жылдыгына арналган “Убактылуу өкмөт” аттуу китебинин бүгүн бет ачары өтүүдө. Аталган китепте 2010-жылдын 7-апрелинен 21-декабрга чейин иш жүргүзгөн ошол кездеги убактылуу өкмөттүн ишмердиги чагылдырылган. Китепти Өмүрбек Текебаев белгилүү юрист Мурат Укушов менен биргелешип жазган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...