Акыркы макалалар

Кытай: II Апийим согушунан кийин...

I жана II Апийим согуштары өз тарыхын коммунисттик идеологиянын көз-карашы менен караган кытай бийлигине жакшы сабак бербегендей. Кыргызстан кытай экономикасынын өсүүсүн пайдалануу менен бирге, коңшунун кооптуу тараптарын да көз жаздымда калтырбоосу зарыл...

I Апийим согушунун натыйжасы

Буга чейин жазганыбыздай I Апийим согушу 1842-жылдын 29-августунда Нанкин тынчтык келишими менен аяктаган. Цин империясы 15 000 000 күмүш лян (21 000 000 доллар) кун төлөп, Англияга Гонконгду берип, британдык көпөстөргө бир нече портторун ачкан жана апийим менен соода кылууга бейрасмий уруксат берилген. Карапайым элдин арасына баңгилик катуу тарап, алардын айбандашып кырылуусуна жол ачкан.

II Апийим согушу

XVIII кылымда Англиядан башталып, кийин Батыш Европа, АКШ жана Австралияга жайылган «өндүрүш ыңкылабы» бул аймактардын тез өнүгүүсүнө шарт түзгөн. Буу менен иштеген кыймылдаткыч оболу мата согууда колдонулуп, кийин өндүрүштүн бардык тармагында жайылган. Ал соода жана аскердик кемелерге жайгаштырылган соң мурункудай адам күчү менен, же шамал менен жүргөн кемелерден салыштыргыс артыкчылыктарга ээ болгон. Ок дары жана мылтыктын пайда болуусуна мындай артыкчылык кошулуусу жогоруда аталган мамлекеттердин баскынчылык менен тез баюусуна шарт түзгөн.

Чиркөө менен абсолюттук падышалык бийликтин ахлагынан боштондукка чыгып, буга чейин төмөн деп эсептелип келген коомдук тайпалар баюунун бардык жолу туура деген чечимге келген. XVIII – XIX кылымдары трансконтиненталдык жеке менчик коммерциялык компаниялар Батыш Европа менен Америка Кошмо Штаттарынын баскынчылык саясатынын куралы да, багыттоочусу да болуп берген. Бул мамлекеттердин куралдуу күчтөрү компаниялардын жаңы базарларды басып алуу куралына айланышкан.

Агытылган напсинин айынан I Апийим согушунан кийинки 1842-жылкы Нанкин келишими да англис, француз жана америкалык көпөстөргө тардык кыла баштаган. Ошол жылдары Кытайды башкарып турган манжу бийлигинин бирде эрдемсинип, бирде шыйпаңдаган саясаты европалыктарга түшүнүксүз келип, натыйжада Кытайды толугу менен чөгөлөтүү чечимине түрткү берген. Акыры англистер «биздин желегибиздин алдында соода жүргүзгөн кытай кемесин кармадыңар», француздар «диний миссионерлерибизди өлтүрдүңөр» деген шылтоо менен Син империясына согуш ачкан. 1856-1860-жылдарда өткөн ушул согуштан соң, Кытай бийлиги баскынчыларга толук багынып берген. Андан соң алардын колу менен Кытайдын түштүгүн толугу менен ээлеп турган 30 миллион калкы бар, өздөрүн христианбыз деп эсептеген Тайпин дөөлөтүн чөгөлөткөн. Себеби христиан динин кабыл алган кытайлар өз аймактарына апийимдин тароосуна бөгөт койгон.

Кайра тынчтык келишими

1860-жылдын октябрь айында «Пекин протоколу» деп аталган тынчык келишими түзүлгөн. Келишим боюнча Кытай тарап соода жана тышкы саясатты жүргүзүү көз карандысыздыгынан ажыраган. Европалыктар сатып алган, же ижарага алган жерлеринде каалаган максаттагы имарат куруу эркиндигине ээ болгон. Француздар менен англичандарга 8 млн. күмүш дилде кун төлөнүп берилген. Экинчи согуштун чыгымдары да толугу менен Кытай тарапка жүктөлгөн. Европалыктардын кытай калкына жасаган эң чоң жакшылыгы катары апийим расмий соода кылынчу товарлардын катарына кирген.

Ушул жерден азыркы Сирияга «арачы түшө калгандай» жетип барган Орусия да «сары майдан» томуруп калганга жетишкен. Ал арачыга алты таяк жемек тургай, Уссур дайрасы менен Балхаш көлүнүн боюн жана Орто Азияда жүз миңдеген чарчы километрлик аянттарды энчисине алган.

Келме кезек, терме тезек

Андан бери Янцзыда далай суу акты дегендей, ооматы бирде келип, бирде кеткен дүйнөдө салмак таразасы эми Кытай тарапка оогонсуйт. Өткөн тарыхы менен эл башкаруу табияты түспөлдөш Орусия менен Кытайдын жакындоосу дүйнөнү тынчсыздандырып турган кез. Дүйнөдөгү эң көп аскери бар мамлекет менен согуштук куралдарды иштеп чыгуу боюнча алдына ат салдырбас өлкө бириксе ким чочулабайт?

Кытай былтыртан баштап АКШ жана аны колдогон Жапония менен Түштүк Кытай деңизинде тирешүүгө өттү. Бул аймакта жасалма аралдарды түптөп, ага аскердик базаларын орнотуу алакетине түшкөн Кытайга капиталисттик идеологияны карманган тараптар эскертүүнүн артынан эскертүү жолдоодо. Бирок Кытайдын куйма аралдарын куруу ниети токтогудай эмес.

Быйыл февраль айында Кытай тарыхында биринчи жолу чет өлкөдө аскердик база кура баштады. Африканын Жибути бийлиги менен макулдашып салчу базасынын наркы 600 млн. долларды түзөт. Ал аркылуу Африка менен Евразияны бириктирген Суэц каналын, Инд мухитин, Түндүк Африканы жана Жакынкы Чыгышты көзөмөлдөп турмакчы. Кытай дүйнөлүк океанда дагы ушул сыяктуу 18 аскердик база салат деген имиштер айтылууда. Бул мамлекет эмне үчүн мындай аракеттерге барууда? Себеби - өткөн кылымдагы европалыктардай эле дүйнөдөгү кытайлык соодагерлерин жана өндүрүшү менен иштеген жарандарын коргоо. Өлкөсүнүн мындай дымагын байкаган Шанхай шаарынын Фудан университетинин профессору Шен Динли: «АКШ өз бизнесин дүйнө боюнча өнүктүрүп, анын кызыкчылыгын коргоо үчүн 150 жыл куралдуу күчүн колдонду. Эми буга чейин АКШ кылып келген иштерди Кытай да кыла баштайт», - деп жиберген.

Кытайдын кендирин кескен жагдайлар

Үстүбүздөгү жылдын 12-мартында Бүткүл кытайлык элдердин өкүлдөрү менен Кытайдын Элдик саясий кеңешмесинин биргелешкен үч миң кишилик жыйынында премьер-министр Ли Кэцан: «Өлкөбүздө жылдап жыйылып келген көйгөйлөр жана коркунучтар суук жүзүн көргөзө баштады», - деген.

Калкы топтогон каражатты каалаган жагына буруп келген кытай компартиясы азыр эмне кыларын билбей турган чагы дейт серепчилер. Буга чейин бул каражаттарды ишканалардын акцияларын сатып алууга, ипотекалык насыяларга багыттап келген өкмөт азыр туңгуюкка кептелип калды. 2015-жылга чейин кытай бийлиги «элдин каражатын эң жакшы сактап, көбөйтүүчү нерсе малекеттик баалуу кагаздар» деп келген. Муну жергиликтүү бийликтегилер да активдүү колдошчу. Анткени баалуу кагаздарга жумшалган каражаттарды карызга белчесинен баткан мамлекеттик ишканалардын активдерин сатыкка чыгарууга колдонушкан. Ишенчээк калктын суктугунан улам баалары негизсиз жогорулап кеткен мамлекеттик ишканалардын акциялары былтыр бир заматта арзандап, ит бекер сатыла баштаган. Муну көрүп алапайын таппай калган кытай өкмөтү башында бул акцияларды ачык сатыкка чыгарууну тыйып, өзү миллиарддаган каражатка сатып алууга өттү. Бирок мындан эч кандай майнап чыкпагандан кийин, аргасыз «үйлөтүлгөн» юандын кунун түшүрүүгө мажбур болду. Калк куну түшүп бараткан акчасын сактап калуу максатында, ансыз деле ашыкча сунуштан улам көөп турган батир базарын ого бетер желге толтуруп, өзүнө кереги жок батир алуу үчүн километрлеген кезекке тура баштады. Бул окуядан кийин кытай өкмөтү экономиканы дайыма эле саясий аспаптар менен башкаруу мүмкүн эместигине көзү жетти.

Бул экономикалык жагдайга үстөкө-босток болгон дагы бир нече көйгөй бар. Алар биз Апийим согуштарынын тарыхы тууралуу жазган эки макалабызда келтирген маселелер менен эгиз козудай окшош. Биринчиси - жергиликтүү башкаруу системасына чейин сиңип кеткен жемкордук. Бирин-серин көргөзмө үчүн жазаланган аткаминерлер болбосо, арам тамактык менен системдүү күрөшүү жокко эсе. Жорж Сорос баамдагандай, Кытай экономикасы саясий реформаларсыз мындан нары өсүшү мүмкүн эмес. Анткени атаандашсыз саясий система, мыйзамдардын бардык элге бирдей иштебөөсү, адам укуктарынын эбегейсиз чектелүүсү дайыма саясий-экономикалык демилгечиликке бөгөт болуп, калктын эсебинен жашагысы келген тайпаларды пайда кылып, коомдук чыңалууга жана жарылууга алып келген.

Кытай коомунда баңгичилик пайызы да артууда деген кабарлар байма-бай таралууда. Тибет, Ички Монголия жана Чыгыш Түркстан аймактарындагы улуттар аралык маселелерди күч менен чечүү жана жергиликтүү калкты ассимиляция кылып, ханьдарга сиңирип алуу аракеттерине каршылык күч алып турат.

Жогоруда айтылган, кылымдар бою ырбап келе жаткан көйгөйлөрдү чечпей туруп, ушул мүнөздө калыптанган орой саясат менен дүйнөлүк аренага чыгуу жер калкынын көйгөйүн жеңилдетүүнүн ордуна, оорлоштура бермекчи. Ушул эле маалда Кыргызстан Кытай экономикасынын өсүүсүн пайдалануу менен бирге, коңшунун кооптуу тараптарын да көз жаздымда калтырбоосу керек.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...