Акыркы макалалар

Кыргыз армиясы дүйнө рейтингинде 110-орунда

Кыргыз армиясы дүйнө рейтингинде 110-орунда

Global Firepower аскердик-аналитикалык порталы дүйнөнүн 126 мамлекетинин армиясы боюнча рейтинг жарыялады. Анда Кыргызстан 110-орунду ээлейт.

Уюмдун эсеби боюнча кыргыз армиясында жалпысынан 150 танк, 438 бронетранспортер, 159 оор техникасы жана 21 аскерий учак бар,

2015-жылкы изилдөөдө Кыргызстан 78-тепкичте болчу.

Быйылкы жаңы рейтингдин биринчи орунунда АКШ, экинчи тепкичте Орусия, үчүнчүдө Кытай турат.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан 48, Казакстан 53, Түркмөнстан 86, Тажикстан 112-орунду ээлеген.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...