Акыркы макалалар

Бүлүнбөй сакталган сүт заводдору ишинен баар табышууда

Кыргызстандагы Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жана эл аралык жеке ишкердик борбор аркылуу каржыланып жаткан «Кыргызстанда экономикалык маселелерди түшүнүүнү күчөтүү» долбоору алкагында Талас облусундагы бир катар ишканалар менен жеринде таанышууга зор мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Бул жолу Талас облусунда сүт заводдордун сакталып жана өркүндөтүлүп жаткандыгын жазгыбыз келди. Алынган маалыматтар боюнча учурда облуста жалпысы сүттү кайра иштетүүчү сегиз завод бар. Мындан «Талас-Сүт» жабык акционердик коому (ЖАК) ири сүт заводдордун бири. «Союз убагында Талас облусунда 2 гана сүт завод бар эле. Анын бири ушул 1965-жылы ишке кирген биздин завод. 1992-жылы менчиктештирилип, акциянын 49 пайызы мамлекетте калтырылган. 2003-жылдан бери ЖАК катары иштеп келе жатабыз. Учурда 82 акционер бар»,-дейт кызматынын дээрлик 40 жылга жакын мезгилин ушул заводго арнаган ишкана жетекчиси Мырзакан Давлеталиев.

Ишканада өткөн жылы 112 миллион сомдук сүт азыктары өндүрүлгөн, иштеп жатышкан 75 адамдын 15и орус улутунун өкүлдөрү, учурда завод 30 тоннага чейин сүттү кабыл алат, эгер сүт өндүрүү көп болсо, завод күнүнө 60 тонна сүттү иштеткенге мүмкүнчүлүгү бар. Кадимки ыраматылык союз маалындагы атайын сүт тартуучу ГАЗ үлгүсүндөгү 8 жана азыркы маалдагы 3 Мерседес унаалары менен сүттөр чогултулаары, салык, социалдык корго ишкананын бересеси жоктугу маалымат катары айтылды.

«Биринчи кварталда бизге 170 тонна сүт аз түштү. Анын расмий себептери да бар. Мисалы, уйлар союз убагындагыдай сенаж, силос дегенди жебей калды. Таласта жайыттар начарлоодо. Экинчиден, сүт өндүрүү боюнча берилген эсептер дал келбей жатат. Үчүнчүдөн, сүттү өндүрүүнүн өздүк наркы өсүп жатат. Дагы жакшы мамлекет бизден кошумча нарк жана пайдадан түшкөн салыкты алып салды. Ошондо дагы рентабелдүүлүк 6 пайыз болууда»,-дейт жагдайга көз карашын билдирген ишкана жетекчиси.

Таластагы сүт заводдордун дагы бири Кара-Буура районунун Ордо айылында Кызыл-Адырдагы «Арашан» ачык акционердик коому (ААК). Кырк бир жылдан бери иштеп келе жаткан береги ишкананы учурда Чабан Туралиев жетектөөдө. Күнүнө 12 тонна сүттү кайра иштеткен «Арашан» ААКда 52 адам иштеп жатыптыр. «Казакстанга сүт азыктарын киргизбөө чынында кыйынчылыкты жаратты. Себеби чыгарылган азыктарыбыз коңшу мамлекетке кетчү. Экинчи көйгөй электр энергиянын кымбаттыгы болууда. Мисалы, жылына 300 миң сомдой акча электрге төлөнүп жатат»,-дейт Ч.Туралиев.

Ал эми жергиликтүү тургундарда сүт заводдор жөнүндө пикирлер ар башка. Өзүн Сакен деп тааныштырган Кызыл-Адыр айылынын тургуну заводдун сүттүн литрин 13 сомдон алгандыгын арзан десе, өзүн Талас районунун тургуну деп тааныштырган Таалайбек сары майдын, сырдын, кургак сүттүн наркы кымбат деп белгиледи. «Бизде жеке кызыкчылык өйдө туруп жатат. Маселен, алып-сатарлар элден сүттү 20 сомдон сатып алышып, аны алып барып Таразга кымбат сатышат. Эгер завод 20 дебейин 17-18 сомдон алса, ырас болот эле да элге дагы, мамлекетке дагы»,-дейт Сакен эже.

Бул кишинин кебинен кийин Талас менен Нарын облустарын салыштырууга аргасыз болдук. Эгерде Талас облусунда 8 сүт завод иштеп жаткан болсо, Нарын облусунда биз билгенден кечээки доордогу бардык сүт заводдор талкаланып жок болгон. Өткөн жылы гана Ат-Башы айылына ыраматылык Муктар Өмүракуновдун көзү тирүү кезинде башталган кичи сүт завод «Замандаш» партиясы тарабынан ишке кирген. Талас облустук өкүлчүлүгү таркаткан маалыматка караганда быйылкы жылдын биринчи чейрегинде облус боюнча 14,4 миң тонна сүт өндүрүлгөн. Сүттөн калып идишке куюлган 48,4 тонна каймак жана сүт азыктары, 68,2 тонна жуурулган май, 160,8 тонна катуу түрдөгү сырлар чыгарылган. Ал эми Нарын облустук статистика башкармалыгынан алынган маалымат боюнча облуста январь-март айларында 18, 4 миң тонна сүт өндүрүлгөн. Бирок стат органында дагы, облустук өкүлчүлүктө дагы облуста канча тонна сары май, сыр же быштак алынгандыгы тууралуу маалымат жок болуп чыкты.

КҮМӨНДӨР УСУПТЕГИН, НАРЫН

17.05.2013, №19

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...