Акыркы макалалар

Жапония Кыргызстандын чакан жана орто бизнесине 100 млн иен долбоордук эмес грант берет


Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган чакан жана орто бизнес товарларын берүү жөнүндө долбоордук эмес Гранттык жардам боюнча КР Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу нотасын ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Келишимдин шарттарына ылайык, 100 млн йен өлчөмүндөгү долбоордук эмес грант эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө жана кызматташтык алакаларды арттыруу максатында, чакан жана орто бизнес товарлары түрүндө берилет. Ал Жапон Өкмөтүнүн долбоордук эмес гранттык жардамынын алкагында бөлүнөт. Сатып алына турган товарлардын тизмеги эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда макулдашылат.

Белгилей кетчү нерсе, кыргыз тараптын алдында гранттык товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү бажы алымдарынан, ички салыктардан, дагы башка баардык жыйымдардан толук бошотуу милдети турат. Келишимде каралган баардык иш-чаралардын аткарылуу жүрүмү Жапон Эл аралык агенттиги (JICA) тарабынан көзөмөлгө алынат. Бул келишим Кыргызстандын чакан жана орто бизнесинин өнүгүшүнө түрткү берет.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...