Акыркы макалалар

4-апрелден баштап Боом капчыгайында маал-маалы менен жол жабылып, таштар кулатылат

4-апрелден баштап Боом капчыгайында маал-маалы менен жол жабылып, таштар кулатылат

Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2016-жылдын 4-апрелинен тартып, 8-апрелге чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 122-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Таштарды кулатуу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 2016-жылдын 4-апрелинен тартып, 8-апрелге чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин жол кайгуул кызматы тарабынан саат: 9-00 дөн 15-00 гө чейин автомобиль жолу маал-маалы менен жабылып турат.

Автомобиль жолунда 30-40 автомашина чогулуп калса таштарды кулатуу иштер токтотулуп, автомобилдер өткөрүлүп турат.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...