Акыркы макалалар

"Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фонду VI илимий симпозиумун Караколдо өткөрдү

"Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фонду VI илимий симпозиумун Караколдо өткөрдү

14-май күнү Ысык-Көл облусунда КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, "Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фонду, Кыргыз билим берүу академиясы, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети биргеликте уюштурган Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган “Адамдын туруктуу өнүгүшү – өлкөнү өнүктүрүүнүн максаты жана майнабы" аттуу республикалык 6-илимий симпозиуму болуп өттү.

Алгачкы сөз "Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фондунун төрагасы Тулекеев Абдиталипке берилип, ал өз сөзүндө өлкөбүздөгү эң негизги үч көйгөйдү атап, бул симпозиум ошол көйгөйлөрдү чечүүгө багытталганын айтты.

Андан соң, КРнын өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кайыпова Роза жылуу сөздөрүн айтып, катышуучуларга ийгилик каалады.

И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин Ислам теологиясы кафедрасынын башчысы Кытайбек Үтүровдун айтымында, ушул жылкы симпозиум мурунку жылкыдан кыйла айырмаланды.

Симпозиумдун жер-жерлерде өткөрүлүшу, адамдар арасындагы ынтымакты бекемдейт дейт симпозиумдун катышуучусу Нарын облусунан келген Кенжеке Кадыралиева.

Ал эми Кыргыз билим берүү академиясынын окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо бөлүм башчысы Сабыр Иптар уулу тема жакшы тандалгандыгын жана кандайдыр бир жаатында жакшы шарттар түзүлгөнүн билдирди.

Мындан сырткары симпозиумга чакырылганган илимпоздор, мугалимдер, мектеп мүдүрлөрү өз ойлорун төмөндөгүчө билдиришти.

“Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фондунун төрагасы Тулекеев Абдиталип симпозиум тууралуу пикирин айтып, кийинки жылы боло турчу 7-симпозиум мындан да жогорку деңгээлде болоорун ишендирди.

6-илимий симпозиум 14-майда эртең мененки саат тогуз жарымда башталып, кечки саат жетиге чейин уланды. Аталган жаштар фондунун билдиришинче, симпозиумга 200дөн ашык баяндамалар келип түшүп, анын ичинен 54 баяндама атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жарактуу деп кабыл алынган жана ошол баяндамалардын авторлору чакырылган. Алгач илимий симпозиум Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жыйын залында ачылып, куттуктоолор айтылган соң, кезек пленардык отурумга берилди. Пленардык отурум 2 саатка жакын уланды. Түштөн кийин, жазылган баяндамалар боюнча 4 секцияга бөлүнүшүп, иш алып барышты. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, жазган баяндамалары боюнча сертификаттар тапшырылды.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...