Акыркы макалалар

Кыргызстан тууралуу алдынкы 10 маалыматка кыз ала качуу чыкты

Google Кыргызстан тууралуу эң алдынкы 10 маалымттын биринчисине кыз ала качууну чыгарды. Бул тууралуу бүгүн 30-мартта туризмди 2016-2020-жылдарга карата өнүктүрүү программасын талкуулоо учурунда айтылды.

Анда Кыргызстан тууралуу негативдүү чагылдырылган маалыматтар туристтердин санын кыскарышына алып келип жаткандыгы белгиленди. Буга байланыштуу 9 кадамдан турган иш аталган программада камтылды.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанга келген туристтердин басымдуу бөлүгүн коңшу Казакстандан келгендер түзөт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...