Акыркы макалалар

Кыз-келиндердин так илимдерге кызыгуусу изилденди

Кыргызстанда кыз-келиндердин так жана табигый илимдерге кызыгуусу изилденди. Анын жыйынтыгы бүгүн Бишкекте жарыяланарын “Азаттыкка” “Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.

- Математика жана башка так илимдерге кызыгуу барбы, кыздар арасында кызыгуу канчалык деген сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Өтө кызык жыйынтык алдык.

Изилдөө Бириккен Улуттар Уюмунун 2030-жылга чейин эсептелген туруктуу өнүгүү боюнча 17 максатынын алкагында жүргүзүлдү.

Бул максаттардын негизгилери – дүйнөдө ачарчылыктын бардык формаларын жок кылуу, адамдардын дени сак жашоосун камсыздоо жана жалпы, сапаттуу билим берүүгө жетишүү.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...