Акыркы макалалар

Кыргыз эли үчүнчү төңкөрүштү көтөрө албайт

Кыргыз эли үчүнчү төңкөрүштү көтөрө албайт

Өлкөдө болуп жаткан митингдер, жыйналыштар жалпы коомчулукка терс таасирин тийгизет. Мисалы, бул аракеттер сырттан келүүчү инвесторлорду жана туристтерди кооптондурбай койбойт. Адистердин айтуусунда, мурунку эки жолку төңкөрүштө туристтердин саны 30 пайызга азайган. Азыркы күндө инвесторлор айрым келишимдерден баш тартып жаткандыгы айтылууда. Андыктан митингдерди токтотуу керек. Үчүнчү жолку төңкөрүштү кыргыз эли көтөрө албайт.

"Экономикалык абал өлкөдөгү туруктуулуктан көз каранды. Жаздын келиши менен күч алган жыйналыштар, митингдер сырттан келүүчү инвесторлорду кооптондурбайбы? Мамлекеттик бюджеттин негизги бөлүктөрүнүн бири туризм тармагына терс таасирин берип жаткан жокпу?

Коомчулук, өкмөт жана башка бирикмелер качан өнүгүүнү талкуулайбыз?" Мына ушул суроолр алкагында "Кабар даамында" уктуруусунда талкуу уюштурдук. Студиябызга КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов, "Мурат" ишканасынын жетекчиси, ишкер Мухамет Садыров жана коомдук активист Азамат Баяманов келишти.

Президентин кетүүсүн мыйзам жолу менен эле ишке ашырса болот

Мухамет Садыров: Ишкерлерге биринчи кезекте тынчтык керек. Тышкы инвестор эле эмес ички инвесторлор үчүн да митингдердин терс таасири тиет. Эки революцияны башынан өткөргөн соң, азыркы митингдердин башында эле элдер кооптоно баштады. Себеби мурунку төңкөрүштөрдө Кыргызстан бардык тараптан артка кетти. Кайра ошол жагдай кайталануусун эч ким каалабайт. Саясий акыбал туруктуу эле десек болот, шайлоо жолу менен эле мыйзам чегинде чечүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Сөзсүз эле “президент кетсин” деген талап коюунун кажети жок.

Мурунку төңкөрүштөрдө туристтердин саны 30 пайызга азайган

Азамат Жаманкулов: Туризм тармагы тынчтык сөзү менен барабар. Ар бир турист бир мамлекетке барууда өз коопсуздугун ойлойт. Ошондуктан ар бир толкундоо, жыйналыштар туризм тармагына чоң таасир берет. Массалык маалымат каражаттарынан кеткен кабарлардын негизинде туристтердин Кыргызстанга келүү мүмкүнчүлүгү азаят. 2005-2010-жылдардагы төңкөрүштөрдө башка жылдарга салыштырмалуу туристтердин саны 30 пайызга азайып кеткен. Туризм тармагына терс таасирин берсе, демек өлкө экономикасына кедергисин тийгизээри анык. Түштүктөгү толкундоолор башталган мезгилде Экономика министрлиги инвестициялык форум өткөзүүнү пландап жаткан. Ага инвесторлордун келүүсү каралган, бирок тынч эмес жагдайга байланыштуу иш-чараны өткөрүү датасы жылдырылды.

Үчүнчү төңкөрүштү кыргыз эли көтөрө албайт

Азамат Баяманов: Митингдер жалпы кыргыз коомчулугуна терс таасирин калтырып жатат. Бийлик алмашса да эволюциялык жол менен, кадрлар конкреттүү программа, иш билгилиги менен бийликке келишсе деген ойлорун айтышууда. Менин жеке оюмча да, биз митингдерден алыс болушубуз керек. Бирок азыр ачык айтканда туруктуу оппозиция деле жок. Экиден-үчтөн биригип алып, элди чагымчылдыкка үндөгөндөр бар.

Негизи бүгүнкү күндө кыргыз жергесинде эле эмес, дүйнө жүзүндө ар кандай окуялар болуп жатат. Украина азыр кандай абалда экенин көрүп турабыз. Биз дагы мындай акыбалга жетүү бат эле экенин, буга чейинки эки жолку революциядан байкадык. Үчүнчү жолку солгундоону Кыргызстан көтөрө албайт. Мына, жакынкы окуяларда социалдык тармактарда жаштар эки жаатка бөлүнүштү, ошол эле учурда билимдүү жаштар сабырдуулукка чакырышты. Каймана ат менен отургандар чагымчылдыкка үндөштү. Бирок биз пикет-митингдерди токтотушубуз керек.

Быйыл туристтердин саны 20 пайызга көбөйүүсү күтүлүп жатат

Азамат Жаманкулов: Быйылкы 2016-жылдагы туристтик сезонго үмүтүбүз чоң. Анткени азыркы учурда бардык шарттар түзүлүп жатат. Коңшу Орусия, Казакстан, Кытай малекеттери чоң рынок болуп эсептелет. Кечээ эле Москва шаарынан жарманкеден келдик. Ал жерде Кыргызстан боюнча презентация өткөрүп, ар бири менен жолугуп, түшүндүрүп, Кыргызстандын туристтик потенциалын көрсөттүк. Быйыл кызыгуу аябай чоң. Өзгөчө жайкы мезгилде пляждык туризмге Орусиянын кызыгуусу артууда. Жалпысынан быйыл 20 пайызга көбүрөөк туристтин келүүсүн күтүп жатабыз.

Митингдер ушуну менен токтоп, эл тынчып, провакацияга алдырбай жайкы туристтик сезонду жакшы тосуп алуу керек. Алдыда өтө турчу чоң саммиттер, “Көчмөндөр оюндары” бар. Мунун баарын тынчтыкта ийгиликтүү өткөрсөк Кыргызстан үчүн 2016-жыл жакшы жылдардан болот.

Узак мөөнөттүү иш ачууга кепилдик жок

Мухамет Садыров: Чоң инвесторлор ар бир майда тобокелчиликтерди эске алышат. Кыргызстанга келүүнү пландап кайра баш тарткан учурлар болгонун угуп жатабыз. Инвестор үчүн биринчи кезекте анын коопсуздугу турат.

Кыргызстанда баарыбыз кыска убакытка пайда алып келе турчу иштерди жасап жатабыз. Завод-фабрика, өндүрүш тармагы узак убакытта өзүн актай турчу бизнес, бирок буга эч ким батынбайт. Анткени узак мөөнөттүү бизнести ачууга Өкмөт да кепилдик бере албайт.

Ар бир аймактын брендке айлануусу үчүн аракеттер көрүлүүдө

Азамат Жаманкулов: Бир жерге туристтердин көп келүүсү ошол жердин брендке айлануусу дегенди билдирет. 2015-жылдагы тенденция боюнча жайкы туризмден башка туристтик жайлардын да өнүгүп жатканын көрүп жатабыз. Түштүк тараптагы жана өлкөнүн ар бир аймагындагы туристтик жайлардын өнүгүүсүнө буга чейин өкмөт тарабынан көңүл бурулбай калган. Бул убакытка чейин ал жерлер тууралуу маалымат жетпегендиктен туристтердин саны аз болуп келди. Быйылтан баштап экотуризм, этнотуризм, маданият туризми, объектилерди көрүү туризмин өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бурула баштайт. Мисалы, Нарын жергесинде этно шаарчаларды куруп, маданият туризмин өнүктүрүү пландары бар. Азыркы учурда интернеттин, социалдык тармактар, роликтер, презентациялардын жардамы менен түштүктөгү туристтик жана тарыхый жерлерди жарнамалоого аракет кылып жатабыз.

Сакура гүлү сымал, Баткендеги өрүк гүлүн да брендке айлантууга болот

Азамат Жаманкулов: Кыргызстан дүйнөдө эл аралык аброюн көтөрүүгө бардык мүмкүнчүлүк бар. Уникалдуу табигый шарттар, маданиятыбыз бар. Бул эки тармак менен Кыргызстанды дүйнөгө таанытса болот. Ал үчүн биринчи кезекте маркетинг аркылуу, өлкө ичинде өтүп жаткан дүйнөлүк деңгээлдеги ири маданий иш-чаралар, фестивалдар аркылуу ар бир нерсени брендке айланытышыбыз керек. Туризм бренддерден, легендалардан түзүлөт. Мисалы, Японияда сакура гүлү болсо, Кыргызстандын Баткен облусунда өрүктүн гүлүн брендке айлантууга эмнеге болбосун. Жети-Өгүздүн кооз жерлери боюнча легендалар көп, буларды дүйнөгө таанытуу зарыл. Аны туристтер угуп, анан кызыгып келишет. Ошондо туризмдин агымы кеңейет.

Мурунку программасы жок, эч нерсени өзгөртө албаган оппозиция азыр да коомго өзгөртүү киргизе албайт

Азамат Баяманов: Кыргызстанда билимдүү жаштар көп. Чагымчылдарды ээрчибей, жакшы жолго түшүп, менеджерлик жактан өзүбүздү көрсөтүп, ишмердик жаатында сунуштарыбызды берсек, кайсы бир деңгээлде өнүгүү жолуна түшөбүз. Азыр деле абал жаман эмес, чындап караганда дүйнө жүзүндө ар кандай процесстер жүрүүдө. Чагымчылдар провакацияга алдырып, социалдык тармактардан каалагандай пикирлерди жазып, элди дүрбүтүп жатышат. Тескерисинче, ушундай жагдайга кабылганда улуттар аралык биригүүгө, ынтымакты бекемдеп алууга багыт алсак болот. Чек ара маселеси чыкканда кыйын абалда калдык. Мындай учурда кимди ээрчип жатканыбызды туура түшүнүү керек. Ачык айтканда жаштар өзүнчө бир жол менен, туура багытка үндөгөн, программасы бар оппозиция түзүшүбүз зарыл. Ал эми мурунку эч кандай программа түзө албаган, эч кандай өзгөртүү кыла албаган “байкелерибиз” азыр да эч нерсени өзгөртө алышпайт деп ойлойм.

Талкууларга кулак тойду, жыйынтык керек

Мухамет Садыров: Инвестордун Кыргызстанга кооптонбой келүүсү үчүн биринчи кезекте баш мыйзамдар орду-орду менен иштеп, коррупция азайыш керек. Дүйнөлүк практиканы карасак, өлкөдө мыйзам иштеши үчүн өкмөт да оппозиция да болот. Оппозиция биринчи кезекте, сөзсүз өкмөттү сындайт. Экинчиден, сынга алган маселенин чечүү жолдорун көрсөтөт. Биз да кандай гана көйгөй болбосун мыйзам чегинде чечүүгө өтүшүбүз абзел. Өкмөт да акыркы окуяларда элди уу-дууга түшүрбөй, оппозиция элди колдонуусуна жол бердирбей, ыкчам кыймылдашы керек эле.

Бактыга жараша, Кыргызстан демократияны туу туткан өлкөлөрдүн бири. Сүйлөшүү жолуна өтсөк болот. Оппозиция да өз маданиятын туура колдонуусу зарыл. Буга чейин талкуулар болуп эле келет, жыйынтык жок. Бизнес чөйрөсү, эл, коомчулук тажады. Кулактар тойду, көздөр ачка. Үлгүлүү өкмөт, үлгүлүү оппозиция болсо, кандай маселе болбосун коомчулук көмөктөшүүгө даяр.

Автор: Бахар Хакимова

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...