Акыркы макалалар

Кыргызстандын аскер делегациясы Москвада өз ара кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт

2016-жылдын 29-мартынан 1-апрелине чейин КРнын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Марат Кенжисариев жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары полковник Нурлан Чомоев жана башка кызмат адамдарынан турган делегация Москвада жумушчу иш-сапары менен болушат. Бул тууралуу КРнын КК ГШнын басма сөз жана маалымат башкармалыгы билдирди.

Иш-сапардын жүрүшүндө Россия Федерациясынын аскердик-техникалык кызматташтык боюнча Федералдык кызматынын жетекчилиги жана Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы, армиянын генералы Валерий Герасимов менен жолугушуу болот. Анда аскердик-техникалык кызматташтык, аскердик-техникалык жардамдарды жиберүү жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы Бириккен россиялык аскер базасынын иш жүргүзүүсү тууралуу маселелер каралат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...