Акыркы макалалар

Жер көчкү түшкөн айылда суу каптоо коркунучу жоюлду

Сузакта жер көчкү түшкөн Алмалуу-Булак айылында тазалоо иштери бүткөрүлүп, турак жайларды суу каптоо коркунучу жоюлду. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Суунун нугун буруу иш-чаралары кечээ, 24-март күнү жүргүзүлүп бүткөрүлдү, 18 үйгө электр жарыгы берилди.

23-мартта Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылында саат 08:30 чамасында көлөмү 52 000 м3 жер көчкү түшкөн.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...