Акыркы макалалар

Оппозиционерлер Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров УКМКга алынып келди

2016-жылдын 24-мартында, мурда козголгон №082-16-0054 кылмыш ишинин алкагында УКМКга жарандар К.К. жана Б.А. тийиштүү ыкчам-тергөө иш чараларын жүргүзүү үчүн алынып келди. Бул тууралуу КР УКМК коомчулук жана ЖМК менен байлыан бөлүмүнөн билдирди.

«Алар, бийликти күч менен басып алуу боюнча макулдашууну ишке ашырып, өлкөдөгү коомдук-саясий абалды дестабилдештирүүгө багытталган аракеттерди пландоого шектелип жатышат, мындай иш КР КК 27 жана 295-беренелери менен каралат», - деп айтылат билдирүүдө.

Тергөө иш чаралары КР соттук инстанциялары жана башкы прокуратура тарабынан санкцияланган.

Учурда тергөө иш чаралары улантылууда.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...