Акыркы макалалар

Алып баруучу Н.Айтбекованы уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду

УТРКнын кызматкери Назира Айтбекованын «Супер-Инфо» гезитинин кызматкерлери тарабынан уурдоо фактысына байланыштуу «Бейбаштык», «Уурдоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда тергөөчү Айтбек Аргынбаев билдирди.

Эскерте кетсек, 1-ноябрда «Аалам сырлары» долбоорунун автору Н.Айтбекова «Супер-Инфо» гезитинин кызматкерлери тарабынан уурдалгандыгын, өлтүрүүгө жана зордукталууга аракеттер болгонунун коомчулукка ачык айтып чыккан. Ал эми гезит муну тамаша деп билдирген.

31-октябрда гезиттин редакциясы 2 кызматкерин жумуштан бошоткон. Алар Максат Орузунбетов жана Бахиана Сатылгановалар.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...