Акыркы макалалар

Бишкек мэриясы троллейбус айдоочуларынын айлыгын 50%га чейин көтөрөт

Бишкек мэриясы троллейбус айдоочуларынын айлыгын 50%га чейин көтөрөт

Мэриянын жыйындар залында шаар башчы Албек Ибраимов жана вице-мэр Геннадий Милицкийдин катышуусунда 24-мартта эртең менен троллейбус айдоочуларынын иш таштоосунан кийин дароо түзүлгөн жумушчу топтун жолугушуусу болду. Топтун курамында троллейбус айдоочулары, мэриянын жетекчилиги жана шаардык транспорт башкармалыгы бар. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыска мөөнөткө иш таштоо учурундагы шаардык троллейбус башкармалыгынын жамааты тарабынан көтөрүлгөн талаптар талкууланды.

Күн тартибиндеги биринчи маселе айдоочулардын жана эмгек жамааттын айлык акысынын аздыгы болду. Мэр Албек Ибраимов аталган маселени чечүүнү убада кылды. 1-апрелден баштап айлык акы 20-30%га, ал эми жылдын аягына чейин 50%га көбөйөт.

Андан кийин катышуучулар маршруттук каттамдын схемасын өзгөртүү, аялдамаларга токтоого шарттарды түзүү маселелерин талкуулашты. Маршруттук схеманы шаардык транспорт башкармалыгы көрсөткөн сунушту эске алуу менен сынак өткөрүү жолу менен өзгөртүү чечими кабыл алынды. Ал эми аялдамаларга токтоо шартын түзүү “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында чечилери айтылды.

Мындан тышкары, троллейбустардын тетиктеринин жоктугу, турак-жай, кызматкерлерди медициналык тейлөө жана башка сунуш-талаптар айтылды. Мэр А.Ибрагимов бардык көйгөйлөрдү карап чыгып, маанилүүлүгүнө жараша чечип берүүнү убада кылды.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...