Акыркы макалалар

Кыргызстан согуш баштаганга ниети жок, бирок агрессияга жооп берүүгө даяр

Кыргызстан согуш баштаганга ниети жок, бирок агрессияга жооп берүүгө даяр

Чек ара маселесине байланыштуу Кыргызстан эч ким менен согуш баштабайт, бирок жообун бергенге даяр. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн журналистердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Президент Аксыдагы Чала-Сарт чөлкөмүнөн тышкары дагы тактала элек тилкелер бар экенин, аларды сүйлөшүү жолу менен чечүү зарылдыгын кошумчалады.

18-мартта Өзбекстандын аскерлери кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган тилкесине эки БТР менен 40ка жакын жоокерин алып келип койгон. Кыргызстан жооп катары ушундай эле сандагы жоокер менен аскерий техникасын жайгаштырган. 21-мартта аскерлердин саны эки тараптан тең 8 адамга чейин кыскартылган.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...