Акыркы макалалар

«Азыр бизге саясий маселелерден да мамлекеттин бүтүндүгү башкы орунда турат»-Улукбек Матаев

“Биз алдын ала 24-мартта 2005-жылдагы 24-март жана 2010-жылдагы 7-апрелде болгон окуяларга карата Ош шаарында митинг өткөрүүнү чечкенбиз. Анда эки революциянын максаттары кандай ишке ашырылгандыгына жана өлкөбүздөгү азыркы абалга баа берилмек”-деди “Эл үнү” кыймылынын теңтөрагасы, “Ак Калпак” партиясынын лидери Улукбек Маматаев.

.

Бирок 18-мартта Өзбекстан Жалал-Абад облусунун Аксы району менен Ала-Бука районунун ортосундагы талаштуу деп аталган аймакка армиясын мыйзамсыз киргизгендигинен улам Кыргызстандын бийлиги менен оппозициясы биримдикте болууну чечтик. Ошондуктан оппозиция өкүлдөрү мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келип турган чакта митинг өткөрүүнү токтоттук. Азыр бизге саясий маселелерден да мамлекеттин бүтүндүгү башкы орунда турат. Ансыз да санааркаган элди ынтымакта, биримдикте болууга чакырабыз”, - деди ал.

Белгилей кетсек, 18-март күнү өзбек чегарачылары Аксы районунун аймагындагы кыргыз жерине бастырып киришкен. Кыргызстанга таандык, азырынча такталбаган аймакка кошуналардын армиясынын киргизилиши эки мамлекеттин чегара маселесинин курчушуна алып келген.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...