Акыркы макалалар

Кыргыз-өзбек чек арасындагы абал туруктуу

Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Чаласарт жергесинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде 23-мартка карата абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, мамлекеттик чек аранын аталган тилкесинде Кыргызстандын чек ара бөлүмү күчөтүлгөн режимде кызмат кылууну улантууда. Аскер техникаларынын жылдырылганы, же кыргыз-өзбек тилкесинде эки мамлекеттин аскердик бөлүмдөрүндөгү курамдын саны өзгөргөндүгү катталган жок. Ала-Бука – Кербен жолу менен каттаган Кыргызстандын жарандарын өткөрүү тоскоолдуксуз жүргүзүлүп жатат.

Өзбек тараптын Кыргызстандын жарандарын чет элдик паспортун көрсөтүү тууралуу талабы катталган жок.

КРнын мамлекеттик чек ара кызматы Кыргызстандын жарандарын чагымчылдыкка алдырбоого жана эки мамлекеттин аскер кызматкерлери тарабынан кандайдыр бир эрежесиз аракеттери тууралуу (0312) 54-28-99 номери аркылуу билдирүүгө чакырат.

“Кыргыз-өзбек чек арасындагы абал толугу менен Мамлекеттик чек ара кызматынын көзөмөлүндө турат”,-деп айтылат билдирүүдө.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...